Баястан, Бегиш "Эне тил"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:16
61,92 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2015


Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган,
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.

Кайырма:

Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.

Кайырма:
  • Currently 4.42/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (53)

22.12.2015. 11:10
 MuslimNur95
Тиги аялды Тим эле койбоптурда клиптин коркун бузат
22.12.2015. 11:35
 Edilbek.
Сонун чыгыптыр Мектептеда Эжекелер ушунтип сабак отсо Реп менен жаштарга жакшы жетсе керек а
22.12.2015. 11:36
 Lee_Min_Ho
Сонун экен, Бизге кыргыз тил сабагын уйроткон эжекеники

Ыр и клип просто ШИК!
22.12.2015. 12:38
 Pantherka
Патриоттук ыр экен
22.12.2015. 13:29
 Bekish_zbp
Жакшы клип аялды кошпой эле койбоптур ал кимиси болот экен же апасыбыМодератор admin_media түзөттү 22.12.2015 14:50
22.12.2015. 14:15
 kush
Сонун экен...:) 5
22.12.2015. 15:37
 DUNI
кайсы аял,алар актрисалар го бир эамес 3аял ырдап атат
22.12.2015. 16:24
 InsanKg
Биз суктанган Шайыр Касымалиева эжекебиз бул жерде аябай ХХХ ХХХ А так чыгарма сонун! Азамат жигиттер!Модератор admin_media түзөттү 22.12.2015 16:29
22.12.2015. 16:30
 admin_media
InsanKg, amanatym,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
22.12.2015. 19:09
 Anasteysha
Актриса эжекелерибизге чооон Рахмат!Клип эн оригиналдуу болуптур, молодцы ребята,первые женщины читающий реп
22.12.2015. 19:09
 black_star_9494
Абдан сонун чыккан ийгилик
22.12.2015. 19:56
 AFFANCULO
Классс!!!!
22.12.2015. 21:03
 Koshaly
созум менин мекенимдики )))
22.12.2015. 21:24
 Nazgul91
оооооо зор
22.12.2015. 22:09
 aizada15
Аялдардын реп айтканын корбопмун,карылар корбосун да иши кылып бул клипти,ой кокуй кантет деши анык,актриса эжелерди коруп!
22.12.2015. 23:18
 zakukya
Ммм жакшы экен
23.12.2015. 00:06
 elli_88
актерлор деген ошондой болотда кайсы образ болсо да ачып бериш керек. эжелерибиз оз жумуштарын аткарып жатышат и все. менимче озгочо клип болуптур молодцы!
23.12.2015. 02:54
 Gulya.akbaralieva
Мааниси жок. Клип каньип ушундай болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: