Омар "Булбулум"
Жанр:Поп
00:04:13
53,1 Мб
Жүктөлгөн: 28-12-2015


Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Кайырма:
  • Currently 4.65/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

28.12.2015. 13:24
 Abad
сонун ыр э
28.12.2015. 13:59
 Musabaeva
Менин жактырган ырым.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
28.12.2015. 16:20
 tavsan
En jakshy, Azamatsyn Omar, Alga!
28.12.2015. 17:07
 Milana.
керемет ыр
28.12.2015. 18:14
 Erniet
Омар сен да суйгонунду таап уйлон
28.12.2015. 18:28
 Galia1990
Соонун
28.12.2015. 22:31
 Koshaly
Айар - Тамчым менин деген ырын салгылачы
29.12.2015. 00:18
 zikirovna
Ырахаттанып угасынго чиркин.
29.12.2015. 01:18
 Kiza
Супееер!!!!
29.12.2015. 01:55
 bati81
ХХХ кайра ырдап жатабы ХХХМодератор admin_media түзөттү 30.12.2015 10:59
30.12.2015 11:00
admin_media
bati81,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: