Айдана Дека "Кыздын сыры"
Жанр:Поп
00:04:00
60,65 Мб
Жүктөлгөн: 15-01-2016


Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.

Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.

Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.

Кайырма:

"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

15.01.2016. 12:19
 Asema89
Эх, азыркы муун, эски ырларды жанылайм деп, буса бербегилечи.
15.01.2016. 12:46
 tina-janka
Клип жакшы екен,бирок бул Айдана такыр еле мышыктын кулактарын чечпей койдуго? Ансыз деле аябай жакшынакай екенсин.
15.01.2016. 12:59
 anjel_kgkg
Аябай сонун, мынча жакшынакай кыз. Сонун чыгыптыр! Мышыктын кулактары озунун балким стили,баары эле окшош чыкпайт да, мага жакты,оригиналдуу корунот экен
15.01.2016. 12:59
 Milana.
клип жакшыыы бирок уну жок экен ырдабай эле койбоптур
15.01.2016. 13:14
 Jurnalist.kg
Жайнагуль Тентиева сонун ырдаган болчу бул кыз бузуп салыптыр го
18.01.2016 21:58
konkurent.rus
http://www.super.kg/media/video/979/
Alina Jetigenovanin irdaganda ukkam
15.01.2016. 13:56
 Нуркыз Курманбек кызы
мага жакты билбейм уну конур экен, ырдаганы кыймылдаганы балким улуу муунга жакпайт чыгар чынында эле. Бирок о вкусах не спорят дешет ко)
15.01.2016. 15:11
 Abaeva-1987
Жакшы клип болуптур, кыз аябай татынакай экен. Бирок мышыктын кулагы жаккан жок чынында
15.01.2016. 15:29
 amanatym
кантип ырдаган айланайын башка эле жумушунду кыл.
15.01.2016. 15:52
 aihan77
Анча мынча мыяулаган анжеликага окшогондорго караганда тузук эле экен! Уну дагы конур ун экен бул +++
15.01.2016. 16:44
 ana222
Азаматсын Айдана, мага жакты) Азыркы жаны чыгып келе жаткан жаш ырчы кыздардан Сен чыгасын буйруса! Аракеттин кучтуу, мага жагасын)
15.01.2016. 16:56
 tina-janka
aihan77, Анжеликага асылгандан башка кишинер жокпу? ! Анжелика ким? Айдана ким? ! Анжелика 7 жашынан сахнада журот, 3 баланын энеси, бактылуу жар, оз ишин мыкты билген тын айым. Суйлой берет екенсинерда суйлойт десе еле.
15.01.2016. 17:35
 Abdyrashit.Satylganov
Бул кызыбыз жакшы эле ырдап жатат.. Болгону качан караба кошумча кулагы түшпөйт да..
15.01.2016. 18:58
 zoichka
Клип ачып коюптур.ыр менен кызды
15.01.2016. 20:45
 argen5
Сонун кыз экен! Клип да аявай жагымдуу болуптур. Унун дагы сонун эле,жаны баштап атасын да буюрса сеники баары алдыда! Кичинекей бобогум,апам болуп кордук,баардыбызга жакты!!! Молодец!
15.01.2016. 20:49
 aliya69
Azamatsyn!!! Obodoguna ele asylyp kaldynar go))) Ozu nazik kyz,suluu eken obodogu nak sonun oturuptur. Dagy da yrlardy,klipterdi kutobuz! Dagy iwte, Maikl Jekson srazu ele Jekson bolgon emes, sen dagy iwte
15.01.2016. 21:12
 lika83
кыздын уну такыр жаккан жок клипти бир корууго болот
16.01.2016. 00:50
 roza1996
Силерге деги эмне жагат??? Жакпаса жазбай,корбой отуп кете бергиле да! Жаккан учун чукулап отурасынар да, коро албай! Кыргыздар келгиле жаш ырчыларды колдойлу! Балким бул Кыздын уну сонун эле,тажырыйбасы жок болгондуктан кантип туура ырдашты билбей калгандыр! Менин оюмча клип,музыкасынын качествосу,уну сооонун чыккан! Азаматсын! +5
16.01.2016. 00:52
 bakyt6
Algachky klip uchun oto jakwy!! Sup suluu kyz eken! Appagymdan korgondo ele suiup kalgam)))
16.01.2016. 03:01
 mahabat08.07
Yny kyryldaaitko voobwe obonu jok jonle jindi nemeche yrdap koiuotur bawyndagysy ne koiondoi bolup. Anan kiip alyp biilep kiiingeni dele jarawbait. Anan boionup algany ele tobo.
Yrdabaile jyrgobyn on el jurtka kebetendi wermende kylbai uiat
16.01.2016 08:42
roza1996
mahabat08.07, Махабат Айданага бир каттуу таарынычын бар окшойт ээ?!)))) Тим эле жинин келип жазыпсып го, сага чынында эле жакпаса жон эле корбой,жазбай эле отуп кетмексин! Ушу коро албастыкты,ылдый тартышты качан токтотобуз? Аракетти жакшы экен,мактасак мындан дагы жакшы ырларды жаратат бул жаш ырчы)
16.01.2016 09:24
Janela
roza1996, Айдана сулуу кыз экен. Суран кызы катуу кетпе.
16.01.2016 17:45
Diana87
mahabat08.07, туура айтасын. азыркы ырчылардын кочого кийингени менен клип сахнага кийингенин айырмасы жок. Ушу жабышкан жынсы шым менен эле кыйшаландай бересинер.
16.01.2016. 03:03
 mahabat08.07
Osyn aibainga salywtyryp nesi eken any bawyna tagyp el aldyna yrdagany.
16.01.2016 08:45
anjel_kgkg
mahabat08.07, Boiongonu sonun ele, jaw kyz kattuu boionup alsa al dagy bizge jakpait bolchu, takyr boionboso dagy jakpait bolchu
16.01.2016. 03:59
 Erniet
Клип жакты бирок бул ырдалган ырды эмес башка эч ким ырдай элек эски ырларды жаныртсан жакшы болмок Анан мышыктын кулагын да ар бир клипте тага берсен кызыксыз тажатма болуп калат Алга жаны сонун чыгармалар менен жана мышыктын же коенектин кулагы жок жаны образ менен чыгышынды кутом
16.01.2016. 09:51
 Sake_86
Биз суйуп уккан дагы бир ырды бузуптур ((( Айланайын сулуу кыз, эгер буга чейинкисинден ашыра ырдай албагандан кийин неге ырдайсын дейм да.? Эски варинаттын угуп коргулочу кандай мукамдуу, мурда аткарылса дагы али менин эсимде.(Алина Жетигенованын) аткаруусунда.
16.01.2016. 11:55
 merinargiz
Аранжировкасы,клиби баары сонун бир Гана уну жок,буга далил Кыргызстан обондоруна келгенде ырдай алган жок.Айдананын адвокаттарына айтаарым бул короалбастык эмес болгону менин жеке оюм.
16.01.2016. 12:31
 s5kgbal
аман эсен более дегим Келет ))))кыйшандайт го
16.01.2016. 17:40
 Geroy
кулактары укмуш гоо. ырды бузбай эле, корей кинолорунун фанаты болуп журо берсен болмок.
16.01.2016. 20:53
 Beka95
Жакшынакай кыз экен, кулак кадап алып секире бербей токтоо ырдаса жарашып калса керек эле. Кулагы менен мышыктай болуп чолчондой бергени жакпады. Уну жок вокалдан билим алса осо турган кыз.
16.01.2016. 22:24
 kanat4ik
Биздин, апасынын эркетайы Айданко карындашым онорун оркундоп, дагы да ийгиликтерди багынта бер! Жонокойлугундон, кичи пейлилуугундон жазбай журо бер.
17.01.2016. 01:48
 asia_92
Бул кызды живой ырдатып коруш керек да, уну жок болуш керек эптеп эле кыйшандап ырдай бериптир ,баардыгы жасалма.Анан биронун ырын ырдагандан кийин жеткирип ырдаш керек.Таланты жок экен, кыскасы аракет кылыш керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: