Дайыр Исмадияров "Маскарапоз"
Жанр:Поп
00:03:03
57,35 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2016


Тагдыр туңгуюк, жок күмөн,
Сураганың берет албетте сен ишен.
Сөздөрүмдө жок, бир да жалган,
Жүзүм маскарапоз, бирок өзүм инсан.
Арманымды жашырат күлкү ар дайым,
Жасалма жүз менен жашаймын күн сайын.
Мен тагдыры тайкы бирок келбети кооз.
Маскарапоз.
Жасалма жүз жашырат кайгысын,
Маскарапоз.
Таппай келет бакыттын ачкычын.

Колуңдан келсе бактылуу бол,
Өмүр деген катаал билсең ал кооптуу жол.
Бул турмуш сахна эмес жашоо,
Жеңилесиң ойнобосоң сен анда роль.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.

Мен сүйлөйм жалган аргасыздан,
Не кылайын ушул жолду тандасам.
Же аны күлдүр, же муну,
Айла жок кимге жаксам, кимге жакпасам...
Өзүм каалап эч кимди капа кылбадым,
Арсыз душман кыйналса да эч күлбөдүм.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.
  • Currently 4.92/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

25.01.2016. 11:51
 Нуркыз Курманбек кызы
а Дайыр аке жайлаган экенсиз плагиатты
25.01.2016. 11:53
 Jakusya
Мага ыр жагат...)
Айла жок кимге жаксам, кимге жакпасам!..
25.01.2016. 12:50
 Ainagula
Ушу Дайыр ырдабай эле койсо болмок. Уну да жок, всегда плагиат менен жашайт.
25.01.2016. 13:06
 kandai.janym
ваще болбойт
25.01.2016. 13:12
 mery.89
Гулнур кантет айланайыыыыын,башка кызды тартса болмок.мааниси жок ыр экен.бирок удачи.
25.01.2016. 13:37
 Asema89
Дайырдын кийинген стили жагат. клип озгочо болуптур. Жоодарбешимдин унут деген ырынын клибин кайдан кочурсок болот.
25.01.2016. 13:57
 Maripa
Идея түгөнүп калганбы ырчыларда? Баягы эле жуздор. Клипке кеткен убакыт, мээнетти кошпогондо эч кандай деле озгочолук жок. Эптемей. эх, качан онолосунар?
25.01.2016. 14:30
 bibi87
Уурдалган ырга клип тартпай эле койсо болмок....
25.01.2016. 15:34
 jan0097
Бара бара ырчылардын поези да келее баштады....
26.01.2016 10:29
BemochkaToktogula
jan0097,Созуно 100 пайыз кошулам. Акыркы клиптердин 100 пайыз окшош. Дайыр эмне деп ырдап жатканын деги тушунбойм. Ун жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: