Нурлан Насип "Карындаш"
Жанр:Поп
00:03:18
50,43 Мб
Жүктөлгөн: 15-02-2016


Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Нурлан Насиптики

Күтүүсүз сүйүү жаралып,
Күн сайын барам арбалып.
Секелек кызды жактырган,
Жүрөккө турам таң калып.

Кайырма:
Сен бир карап койсоң жүрөк эзилет,
"Байке" деген сөзүң "жаным" сезилет.
Жылуу сезим берген, эрке карындаш.
Сен менен бактым, келечегим көрүнөт.

Айырма бир топ эле жаш,
А бирок сендей табылбас.
"Байке" деп жүрөк эзбечи,
Сүйөмүн сени, карындаш.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (45)

15.02.2016. 15:19
 Asel1994
Чыгармачылык ийгилик каалайм эх кандай сонун унунуз бар
15.02.2016. 15:21
 Нуркыз Курманбек кызы
Обонго салып окусанар): Шохруххонду азырак туураш керек на-на-ней
15.02.2016 17:29
bokocho_
jalgyzdyk,
туураганы коп кайра нуртастын обону ырдын обону
жаккан жок. машинасын да кымбат айтыптырго тимеле очуп баратат байлык бийликти которо албай баратканын коптор байкашууда)
15.02.2016. 15:39
 dkanu
Жакшы.
15.02.2016. 16:14
 asia_92
Окшошго клиптер бири, бирине.Ыр жакшы!
15.02.2016. 16:38
 Jumaakb
Кантсе да ийгилик. Көп эмгек кылгандай көрүнөт. Бирок, Нурмат Садыровдун "Торгойум" клибинин эле бир вариянты болуп калыптыр. ( жеке оюм ) Jumaakb түзөттү 2016-02-15 16:39:00
15.02.2016. 17:19
 aiturgasha
Соонун клип болуптур. Арыгыраак очки тагынган бала жакты)) акырында ыйлаганычы иий...Кайырмасына келгенделе 1 бийди кечке кайталай берипсинерда, дагы 1-2 движение уйронуп койсонор болмок....
15.02.2016. 17:21
 Нуркыз Курманбек кызы
http://www.super.kg/media/uservideo/161381/ Шохруххондун аткаруусундагы-Комила кыз))) жон эле элдер салыштырып корушсун дедим да клиптердин окшоштугун.
15.02.2016 21:02
1.asel.
jalgyzdyk, окшоштук деле байкабадым.ырдаган жерлери эле окшошуп кетпесе
16.02.2016 09:01
jalgyzdyk
1.asel. А образчы? Бул деле ойлонду болуш керек уурдап жатып такыр эле окшош кылып койбоюн деп. Ырдаган жери Нурлан эмес экен деп кетип калганы, адилеттуу баа берсенер
15.02.2016. 18:05
 Oi_pikir
Торгоюмга чын эле бир топ жери окшош. Ошентсе да Нурландын ойногону жакты. Бул жигитте актердук талант ойгоно баштаптыр.
15.02.2016. 18:45
 Bek94
Охо Нурлан клибиң жакты шаңдуу ырлары жагат
15.02.2016. 19:19
 Ilays
Супер! Ийгилик дагы да! Ырларын супер!
15.02.2016. 19:41
 STAN_KG
Бул клипти аягына чейин карап чыгып мен ырчылардын жана клипти тартуучу режисерлорду эмне үчүн толук же семиз кыздарды жигиттер жактырбачуудай, коом алдында аларды басынтып жатасыңар? мындайга тыйуу салуу керек, бул эмне деген идея? акылы толук кандуу интеллигент, жогорку билимдуу, ыймандуу адам эч качан мындайга жол бербейт! Ойлонбойсуңарбы? Клип тартууда эч ким кимдир бирөөнү же коомду кемсинтүүгө акысы жок, бул батыштагы эгоист адамдардын өз чөйрөсүндөгү душмандарынан өч алуу максаты! Ыр ок!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: