Нурлан Насип "Аясаңчы"
03:46
6,02 Мб
Жүктөлгөн: 16-02-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(21 добуш)
Кыска этек киесиң,
Кылыктуу жылмайып жүрөсүң.
Кыйналып ичимден,
Кызганып жатканым билесиң.
Сымбатың менен сыйкырлап мени,
Санаага ойду чырмап салдың.
Жашоомо бакыт тартуулап анан,
Жүрөктү аста уурдап алдың.

Кайырма:
Саамайыңа күндү илейин,
Сен да мага көңүл бурчу!
Махабатым билдирейин,
Токтой турчу!
Сезимимди океандай,
Сен да туюп кабыл алчы.
Эзе бербей өчүң бардай,
Аясаңчы!

Көзүңдү боёйсуң,
Көңүлдү азгырып коёсуң.
Кокустан кез келсек,
Көрсөң да, көрмөксөн болосуң.
Жамалың менен жадырап карап,
Жанымды торго илип алдың.
Жомокто сулуу периште сымал,
Жүрөккө аста кирип алдың.

Комментарийлер (46)

16.02.2016. 12:41
 oma16.02.95
Нормально чыгыптыр
16.02.2016. 13:10
 Azim.00kg
ийгилик дагы да чыгара бер.
16.02.2016. 14:16
 marmilantka
Сонун жакты
16.02.2016. 14:43
 Kgstar96
Жакшы чыгыптыр
16.02.2016. 15:11
 Ronaldo
Кайрат Нуртастын обону го 100% ошонуку........
16.02.2016. 15:20
 sabyr86
Азаматсың сонун ыр.
16.02.2016. 16:26
 Altyn91k
жакпады мага
16.02.2016. 17:03
 adidas.08
кайрат нуртас "кайда кайда" ырына аз маз озгортуш киргизилген
16.02.2016. 22:24
 nusuretillaKG
мага жакты
17.02.2016. 00:54
 Supara
Ни очень
17.02.2016. 01:55
 Svetlana88
Эч кандай Кайраттын ырына окшошпой эле. От души сонун чыгыптыр. Издене бер Нурлан молодцы супер. Эчкимге эч ырын унун стилин клибин Тен келбеген и окшошпойт дагы. Питерден Тансулуу:)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо