Сайкал Садыбакасова "Жалгызым, ай"
04:05
6,53 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Обону:Ильяс Кудретовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(30 добуш)
Арзуу толгон жүрөгүм акмалап карааныңды,
Сага карай шашылам көрүүгө жамалыңды.
Санаага салбастан, билдирчи кабарыңды,
Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Бир кездерде тагдырым кубантып бакыт сунган,
Жаркылдаган жүзүңдөн ажарың жанып турган.
Экөөбүздүн сүйүүбүз дайрадай агып турган,
Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Комментарийлер (40)

10.03.2016. 17:52
 admin_media
yiman,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
10.03.2016. 18:03
 GOLOS
Красафффчик Сайкал! Сонун клип жана ыр,
Сен мен алдабааааа! деп кыйкырган жери сонун экен.
10.03.2016 19:46
Alixan-Nookat.2015
GOLOS, Ырдын кайра кайра саптарын окуп, угуп сен айткан "Сен мен алдабааааа" деген саптарды таппай убара болдум. Сайкал красафчик эмес красавица болуш керекго дейм.
10.03.2016. 18:07
 abilnur
colos. красафчик дейсинби?
10.03.2016 18:16
GOLOS
abilnur, ова да )))
10.03.2016. 20:45
 KYRGYZJERI
Озу жалгыз чыкса коп ийгилике жетишмек белк дейм, тобунун бар жогу билинбей жургондон корок.
Кыз-Бурак деп эзелтен келе аткан группанын азыр доору буткон,азыркы кыздарынын колокосу эле болбосо уга турган ырлары жок,
а Сайкалдын уну десе уну бар, коп ийгиликти багынтмак. чем алар м.н кур бекер убакытын нервин акчасын кетирип жургучо.
10.03.2016. 21:44
 Talant.K
Саламатсызбы админ Гулжигит Сатыбековдун женелер деген мп3 жуктоп койунуздарчы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо