Ильяз Абдыразаков "Коштошуу"
04:01
4,58 Мб
Жүктөлгөн: 27-04-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.35/5
(40 добуш)
Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Комментарийлер (50)

27.04.2016. 12:15
 mister_beka
Жакшы чыгыптыр 55555
27.04.2016. 12:17
 mister_beka
Саламатсызбы урматтуу админ, Абдумалик Шерматовдун Классташ аттуу ырынын минусун жүктөп коюңуздарчы рахмат!
27.04.2016 14:09
admin_media
mister_beka,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
27.04.2016. 13:06
 Bazana
Жакшы экен
27.04.2016. 13:11
 _RoMa_
Саламатсызбы админ Кайдасын атту ырын да жуктоп койунуздарчы?
27.04.2016 14:06
admin_media
_RoMa_, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/audio/166219/
27.04.2016. 14:12
 ulan_sabina
Жакшы ыр болуптур. Бирок мурункудай хит ырларды жараталбай атасын
27.04.2016. 15:25
 timur01
Iliaz senin talantyn baalangys sende azapka okshogon yrlardy kutup atabyz
27.04.2016. 15:57
 koshterek
Эркек
27.04.2016. 16:37
 Nur0701
Сонун азаматсыз
27.04.2016. 17:37
 lawyer
Ильяздын озуно жакса болду да! )
27.04.2016. 17:38
 kyrgyz.jigit.temirlan
Тузук 5555
27.04.2016. 17:48
 narzulla
Саламатсыздарбы урматтуу админ.Мүмкүнчүлүк болсо Айтурган Темированын баардык ырларын жүктөп койсоңуздар чоң рахмат
27.04.2016. 19:52
 koshterek
Брат алабукага качан келесиз
27.04.2016. 20:00
 Zvezda.KGKG
Жакшы чыгыптыр мага абдан жакты... жакбагандар укбай еле койгулада билдируунордун да кереги жокго дейм
27.04.2016. 20:06
 adidas.08
саны бар сапаты жок ырларын кобойуп ильяз
27.04.2016. 20:27
 EkaMika
55555
27.04.2016. 20:32
 tumar88
Жакшы ырдаптыр, жакшы ыр экен радиолордон угуп жатам эки кундон бери. Ушундай талыкпай эмгектене бер.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо