Айжамал Кабылова "Турмуш сабагы"
03:30
6,4 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(45 добуш)
Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм,
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
Ошондо да көз жашымды төкпөдүм.

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Көрө албастар тузак жайып жолума,
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам.
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
Ошондо да жамандыкка кыйбагам.

Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм.
Дагы канча сыноо барын ким билет?
Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.

Кайырма:

Комментарийлер (97)

14.05.2016. 12:16
 udacha.kg
Эн мыкты жазылган создору да, бирок обондун кайрыктарын башкача жазса болмок. Мыкты ырчы ырдагандыктан укканга болот. Азаматсыз Айжамал! Алга!
14.05.2016. 12:35
 ulash.kg
Айжамал аябай жакшы аял заты,бир жанылып алдыныз турмуш курганда,мейли жакшы кундор алдыда эч качан сынбаныз,чыгармачылык ийгилик
14.05.2016. 12:45
 ulash.kg
Бек байкенин жаны ырларын кайдан тапса болот,айтып коюнуздарчы ким билсе сураныч
14.05.2016 19:38
KYRGYZJERI
ulash.kg,
биякта жок ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-05-16 10:47:07
16.05.2016 10:47
admin_media
ulash.kg,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өзүнүн суранычы менен порталдан ырлары алынган.
14.05.2016. 13:46
 altyshka_23
Соонун ыр болуптур
14.05.2016. 14:09
 Eli75
Айжамал,эң сонун, маанилүү ырың үчүн рахмат. Чыгармачылык ийгилик!
14.05.2016. 15:51
 aksy.koi-tash
Абдан жакшы ыр екен мага жакты
14.05.2016. 17:20
 nasko
Супер Инфо саламатсыңарбы? Сураныч, "Жакшы эле көрөм эмнеге" деген ырды жуктоп койунуздарчы
16.05.2016 10:44
admin_media
nasko,
Саламатсызбы! Кайрат Примбердиев "Жакшы көрөм өзүңдү" www.super.kg/media/audio/166405/
Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-16 10:45:31
14.05.2016. 17:21
 nasko
аябай керек болуп атат мүмкүн болсо минус дагы
14.05.2016. 17:49
 nazya5
Керемет ун!!! Чыгармачылыгынызды сыйлайм! nazya5 түзөттү 2016-05-14 17:50:54
14.05.2016. 18:02
 rayana86
Ийгилик каалайм.Дагы жаны ырларды кутобуз.
14.05.2016. 18:52
 tashi62
Жакшы ыр болуптур алга Айжамал .
14.05.2016. 22:23
 Meliana
супер сууууппеееерррррр
14.05.2016. 22:31
 Oolokon
Азаматсын Айжамал!!!
15.05.2016. 08:43
 bizon
Сонун уккулуктуу ыр болуптур, дагы дагы жаны ырларды кутуп калабыз.
15.05.2016. 11:07
 KAHAT
Эн сонун ыр! Сиз менен дуэт аткаргым келип турат. Сизге кантип байланышсам болоор экен?
15.05.2016. 11:30
 Nuura
Аябай соонун ыр болуптур создору ото соонун ! Иштерине ийгилик мындан да соонун ырларды жаратып,журо бер Айжамал,балдарындын пешенесине эсен - аман,ден - соолукта болуп элдин суйуктуу ырчысы болуп журо бер!!!
15.05.2016. 11:55
 nurzada78
Айжамал кадырынды билбеген эркекке кайгыруунун кереги жок,эн башкысы озунду ойло!
15.05.2016. 14:09
 MIRAN
Соооонунго
15.05.2016. 14:24
 Alinka-Urmat
Бек Борбиевдин жаны чыккан ырын жуктоп коюнуздарчыы сураныч!
15.05.2016. 14:26
 Alinka-Urmat
Бек Борбиевдин Жамгыр- жонундо ырдаган ыры кандай аталат ким билеет?
15.05.2016. 17:58
 ilgis1991
Айжамал алга,алга,алга!!!!!
15.05.2016. 18:10
 meli12
Аранжировкасы жакшы унунун мелизм менен кооздоп уккулуктуу болуптур
15.05.2016. 20:33
 Mali-Guli
созун жазган Нуркан Койчуманова эжеге чон рахмат.... Супеееер
15.05.2016. 22:45
 chyngyzbeka
Абдан жакшы. Чыгармачылык ийгилик болсун.
16.05.2016. 00:16
 rnurzida
Мыкты саптар экен. Сыноодо сабыр кылып, сынбаш керек.
16.05.2016. 01:58
 brit
Абдан маанилуу ыр экен, клип кутобуз! Айжамал Эже чокпонуз. Ажырашуу тилекке каршы Ар Бир Экинчи уй-булодо болуп калды Азыр. Балдарыныздын бактысына бар болунуз. Кудайым багынызды ачсын!
16.05.2016. 09:18
 Luna95
эң соонун ыр чыгармачылык ийгилик админ Гүланданын"Ооба да" ырын жүктөп койуңуздарчы
16.05.2016 10:48
admin_media
Luna95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
16.05.2016. 13:49
 Mystery
Аябай сонун жеткирипсиз, эми мындан кийин кайгырбанызчы, биз сизди жакшы коробуз.
16.05.2016. 15:12
 uli95
ыр эн сонун.Супер

16.05.2016. 15:25
 merinargiz
Ыр соонун болуптур,ээн жакшы кундор бизди кутоорун унутпаныз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо