Айжамал Кабылова "Турмуш сабагы"
03:30
6,4 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(45 добуш)
Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм,
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
Ошондо да көз жашымды төкпөдүм.

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Көрө албастар тузак жайып жолума,
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам.
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
Ошондо да жамандыкка кыйбагам.

Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм.
Дагы канча сыноо барын ким билет?
Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.

Кайырма:

Комментарийлер (97)

13.05.2016. 17:17
 Matilda
Пошли все на .... деп ырдабайбы.Ошондо очун алмак
13.05.2016. 17:23
 sarykuz
Сонун!!!!!
13.05.2016. 17:28
 zinaniz
Молодец Айжамал!
13.05.2016. 17:40
 papanstan
Сооннун
13.05.2016. 17:41
 MIRAN
Азаматсын Айжамал ийгилик сага
13.05.2016. 17:42
 aykyz
Эң сонун! Эң сонун! Азамат! Айжамал элиң сени менен!
13.05.2016. 17:44
 aykyz
Текстин жазгылачыыы сураныч.
13.05.2016. 17:48
 Guljamal_2116
Жакшы, арман,бугунду ырлар менен гана ырдасан женилдейсин.Аялдык бакыт каалайм,кудай жолунду ачсын!!!
13.05.2016. 17:49
 Asema89
Соонун ыр болуптур. Айжамал чыныгы таланттын ээси.
13.05.2016. 17:58
 dastan_nookat
Эн мыкты ырдапсыз!
13.05.2016. 17:58
 jalguzum
Молодец!!! Соонун ыр экен уну да жакшы. Айжамал эже иштеринизге ийгилик балдарыныздын бактына аман болунуз!!!
13.05.2016. 18:07
 Sofy
Aj zaplakala. Dumayu eto pesnya stanet super hitom etogo goda!
13.05.2016. 18:24
 elisa86
Айжамал эч качан башынызды жерге салбаныз. Ырыныз ар дайымкыдай эн мыкты мазмууну да аткаруунуз да. Ар дайым алга.
13.05.2016. 18:25
 Akkaynt
Алга Айжамал
13.05.2016. 18:54
 Mile
Жакшы ыр. Биринчи куплети жакшы чыгыптыр,экинчиси бир аз уйкашпай калгандай. Уну болсо тунук, сонун Айжамал алга!!!
13.05.2016. 19:01
 quick
оо сонун ыр го
13.05.2016. 19:04
 manchini
Талантынызга таазим,бала кунумон ырларынызды бир дем менен угуп келем.Алга жана да алга!!!Коздуу мончок жерде калбас дегим келет,аялдын чырагы кырк.
13.05.2016. 19:15
 rianair
Гуланданын Ооба да деген ырын жуктоп бергилечи сураныч.
17.05.2016 11:14
admin_media
rianair,
Саламатсызбы!
Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/audio/167651
13.05.2016. 20:25
 dobrajelatel
Сонун ыр экен.
Айжамал сага ийгилик, бакыт.
13.05.2016. 20:52
 nusuretillaKG
соОнун
13.05.2016. 21:54
 ruslankg
Куйосун кызгантып Айжамалдын колун сарагым келип турат,ото сыйлам ушул ырчыны
26.08.2016 21:15
alina79
ruslankg,ошент, Айжамалга уйлонуп, бактылуу кылып,куйоосунун козун куйгузгуло,анан куйоосу туз жаласын!
13.05.2016. 22:01
 KYRGYZJERI
Айжамал сени суйгон коп угармандарын бар,
темасы азап, кайгыруу окунучко байланыштуу ырларды мындан ары ырдаба.
Жошоон ошондой болуп кете берет.
Сен коп ийликти багындырып бактылуу эне болосун.
Жаман ойдон, санаа, кападан кач
Бул да болсо биздин сага болгон
колдообуз болсун... Кучтон Сынба Алдыны карай умтулKYRGYZJERI түзөттү 2016-05-13 22:02:17
13.05.2016. 22:09
 aziko1414
Бар болунуз кучтонуп кайра иштениз. Жакшы ырларды кутобуз.
14.05.2016. 00:24
 dair2013
Рахмат. Сонун ыр, сонун обон,акынга жана обончуга да чон рахмат Айжамалдан жардамынарды аябай колдоп тургула. Банктан счет ачсаныз акча салабыз дагы дагы сонун ырларды угуу учун.
14.05.2016. 00:47
 Nadyrbekkg
Керемет ыр экен ийгилик каалайм.
14.05.2016. 01:02
 aigusel
Жакшы ыр ийгилик чыгармачылыгынызга.
14.05.2016. 03:21
 bosmos777
Азаматсыз! Ийгиликтер! Бактылуу болунуз!
14.05.2016. 09:36
 gul-bibi9109
Удачи вам мы вас любим❤️❤️❤️
14.05.2016. 12:06
 BebeU
Ajimi эже,унунуз тим эле кубулжуп, кооз шаншыйт!Музыканын тубуно тушуп кетем угуп атып,аткаруу чеберчилик эн мыкты!Ийгилик сизди жандасын,ар убак!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо