Самара Каримова "Классташым"
03:59
4,55 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Назира Алимжанованыкы
Обону:Назира Алимжанованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Балалыгымда шок кыз элем,
Апамдын сөзүн укпайт элем.
Балдарды, кыздарды коркутуп,
Классыбыздын көзүрү элем.
Ойноп-күлүп ал күндөр өттү,
Дарактар саргайып күз өттү.
Ошондогу эң биринчи кат,
Жүрөгүмдө сүйүү ойготту.

Кайырма:
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?
Жандашым, жандашым,
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?

Класстын эшиги чоң ачылып,
Кирип келди жаңы классташым.
Кар жылтырап кирпиктеринен,
Эсимде калды көз карашың.
Жылдар өттү, өттү балалык,
Сүйүүбүздү сактай албадык.
Бирок жааганда биринчи кар,
Классташымдан мен күтөм кабар.

Кайырма:

Комментарийлер (55)

25.05.2016. 11:10
 ere
Кларага Алибекованын аткаруусундагы ырга жетпептир.

Начарere түзөттү 2016-05-25 11:12:29
25.05.2016. 12:00
 stimyl.kg
Урматуу супер жамааты! Мындай туурамчы ырларды б.а кайсы бир ырды жанылап ырдап чыккандарды элдик аудиого эле кошуп койбойсунарбы бул ырдын эмнеси „жаны„? Качан болсо даяр ырларды ырдап чыйылдап чыга калат ушул,озун ыр чыгарып обон жаратып эл алдына алып чыккчы байболгур даяр чайнап койгон ашты жутпай. Аа бул ырчы жаны ыр чыгарса эч ким укпай барктабай койушун жакшы билетго,
25.05.2016. 12:34
 mezuknata
балбылдайт козун бал татыйт созун байкасам сылык мунозун билимин Берген мугалим эжем эсимден кетпейт элесин деген ырды Ким ырдайт сураныч жардам берип койгулачы
25.05.2016. 12:36
 jike
жердешим озун изденип жаны ырларды жазып ырдасан жакшы болот эле. Жаны ыр экен деп суйунуп кире калыпмын.
25.05.2016. 13:27
 aikol87
Пермь шаарына 22майда Гулжигит Сатыбеков келди концерти аябай сонун болду.Чоон ыраазылык.



12-июньда Самара Каримованы келет деди.Ар кимдин ырын ырдап журсо,Ким барат концертине.
25.05.2016. 13:40
 Ailino
Самара башкалардын ырын эле ырдап журосун
25.05.2016. 14:30
 Gulnur1980
Уфффф,Самара жон эле койбопсун да ушул ырды,озу негизи озундун автордук ырын деле жок окшойт менимче! 25 май мына келип калды дегенде срочно ырдап жибергенсин го.
25.05.2016 19:33
BubleGum
Gulnur1980, kowulaaam ha ha ha )))
25.05.2016. 14:32
 Gulnur1980
Кларочка ырдаганы ото сонун,ретро болсо да азыркыга чейин ошону угам анткени уккулуктуу.
25.05.2016. 15:18
 Asyl19.09.90
Чолпонай калып Самарага жетиптирда акыры бул ыр ото начар ырдабайле койбоптурда
25.05.2016. 16:17
 bosmos777
Мага жакты ! Клара качан, ырдаап чыкан! Болот!Кайра,кайра уксаныздар .........
25.05.2016. 16:40
 fanatka19
Чолпонайга окшоп,бул ырды ырдап калыптыр. супер ырчы айымды жэңип албаса болду.
25.05.2016. 17:06
 Lazat
Эн соонун ырдалган ыр. Мынтип ырдап турбаса, унутулуп калат жакшы ырлар. Аккордеон менен ырдаганга караганда жакшы. Эми комуз менен ырдаса соонун болмок. Дагы ырларды кутобуз.
25.05.2016. 18:01
 aksy.koi-tash
Еч жакпады жон еле койбоптур
25.05.2016. 18:23
 Mediziner
"Бүткөн ишке сынчы көп" деген ушул да..
Сопсонун эле чыгыптыр!
Эски ырга өмүр бергендин эмнеси жаман?!
Үн десе үнү бар, ырдай берсин өзү каалаган ырды.
25.05.2016. 19:27
 dastan_nookat
Жакпады озу жаны ыр жаратса болмок
25.05.2016. 19:32
 BubleGum
Klaranin kichinesindegi unu da munukundan jakshy. ((( Emne mincha ozun kiynagan ((
25.05.2016. 19:44
 akimova22
Бутуруу кечесине жакын "Мен ырчынын"баары классташтарын эстеп калгандай...Классаташтар жонундо ырлар кобойду.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо