Бекчоро "Мен үчүн белең"
Жанр:Поп
00:03:17
58,59 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2008


Сөзү:Бекчоронуку
Обону:Бекчоронуку

Жалындап күйгөн жан белең,
Жаркырап аткан таң белең?
Көңүлгө издеп тапканым,
Кыялкеч жаным сен белең?
Чын сүйүүм жалгыз сен белең,
Жашоомдо жаным бар белең?
Жыргалым сенден тапканым,
Сүйүүмдүн таттуу балы белең?

Кайырма:
Мен үчүн белең,
Суктанып сага келем.
Жылмайып күлүп жатсаң,
Күлкүңө суктана берем.
Ойлонуп сага келем,
Толгонуп сен дей берем.
Кай жерде жүрбөсөм да,
Сени ойлоп, күндө мен келем.

Күндө эстеп сенсиз уктабай,
Күтөмүн жүрөк жалындай.
Нөшөрлөйт, күчөйт сезимим,
Сен үчүн жааган жамгырдай.
Сагыныч күчөйт чыдабай,
Санаамда сенсиң жаным ай.
Арначы мага сүйүүңдү,
Алтыным мени кыйнабай.

Кайырма:

Сени ойлоп, сүйүүм бойлоп,
Келемин мен, мен өзүңө.
Сүйүнүп чыксаң, кубанамын,
Суктанамын мен өзүнчө.
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү,
Сүйүп келем мүнөзүңдү.
Мен үчүн белең,
Сен үчүн келем.
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

22.12.2008. 13:19
 bakulj
Клип жакшы. Озунун чачына кыргыз оймолорун кылып алганы жакты. Бирок кызды чыныгы нукура кыргыз кызын тандаса болмок. Чапталган кирпик, тырмактары билинип калыптыр. Озу да кыргызга окшобогон кыз экен!
22.12.2008. 13:32
 leila
все супер!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: