Нурлан Насип "Алдайсың"
03:30
5,59 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(29 добуш)
Сен ак куусуң канатчан,
Сермеп учуп бараткан.
Ишенимдин ачкычы,
Издейм бардык тараптан.
Сүрдөп кетем чыны бат,
Сүйүүм айтам шыбырап,
Жылмайгандай сезимге,
Жылдыз толот жыбырап.

Кайырма:
Сыйкырчы жандайсың,
Сыноолоруң улам, улам камдайсың.
Калп эле назданып,
Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың,
Кыялкеч жандайсың,
Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың,
Өзгөчө сүйсөң да,
Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың.

Мен бир жигит ашыккан,
Махабатка машыккан
Макул десең мойнуңа,
Мончок тагам бакыттан.
Көзүң мезгил жазындай,
Көрсөм черим жазылбай.
Жактырганың чын болсо,
Жакын келчи жашынбай.

Кайырма:

Комментарийлер (51)

11.08.2016. 12:22
 Zvezda.KGKG
Жакбады мага
11.08.2016. 12:54
 aibo_85
созу Жылдыздыкы болсо албетте ото женил желпи болуп жакпайт да.
11.08.2016. 13:00
 alyke.9696
Сонун ыр экен хит болот го
11.08.2016. 13:09
 Dinislam_kg
Жакшы...
11.08.2016. 13:33
 osor
Соонун ыр болуптур Алга
11.08.2016. 14:04
 ilyaz85
Ушул музыкаларын озбектердин музыкасына окшотпой кылса болбойбу?
Укса болдот а так
11.08.2016. 15:19
 88inara88
Акырына чейин угалбай койдум,эптемей болуп калыптыр
11.08.2016. 16:16
 Aman-moskva
Мага да жакпа ды созу начар экен
11.08.2016. 17:44
 nur_zhoni
аранжировкасы жакшы болбой калыптыр калган жери жакшы эле
11.08.2016. 17:50
 nur_zhoni
Бул ырды жаш жаны чыгып келе жаткан ырчылар ырдаш керек экен тажырыйбасы бар ырчыларга жарашбайтго (бул менин жеке оюм)
11.08.2016. 18:27
 maks94.kb
Алданбада алдаса
11.08.2016. 20:17
 Angel92
Созу жакшы эле экен.Обонго туура келбей калган
11.08.2016. 21:40
 miron
Жакшы эмес
11.08.2016. 21:51
 anipa11
Тойлор учун жазылыптыр. Созу жакшы бирок музыкасы болбой калыптыр. Алмаз Шаадаеы ырдаса болмок.
11.08.2016 23:23
oilonchu92
anipa11,экк ушу алмазга караанда нурландын дарамети чон
11.08.2016. 23:04
 mikoo
Алмаз Шаадаев эмнеге ырдайт? Озунчо эле жазат десе эле жаза береспи ?!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо