Алмаз Шаадаев "Фаридам"
03:52
4,42 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Шайлообек Дүйшеев,Тынарбек Амановдуку
Обону:Тынарбек Амановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(20 добуш)
Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:

Комментарийлер (43)

11.08.2016. 17:02
 Jazi89
Сооонун ыр жакты коптон бери кутуп жургом ,Азамат Ийгилик Алмаз .
11.08.2016. 18:28
 maks94.kb
Иштеш керек дагы
11.08.2016. 19:16
 alyke.9696
Жакшы жакшы ийгилик
11.08.2016. 23:15
 Bek96.kg
Жакшы ыр болуптур
11.08.2016. 23:21
 oilonchu92
тойго ылайыкталыптыр....ырды кичине кайгылуу мундуу кылса болмок....
11.08.2016. 23:24
 maksat.abdukaharov
Жакшы эле укса болчудай
12.08.2016. 01:08
 apazov01
Эх армияда ырдачы элекко сулжбадагы кундорду эстетет экен
12.08.2016. 02:31
 nurlan.gaipov.com
Өзгөчө болуп чыгыптыр
12.08.2016. 02:57
 jigitaly
Иииий тойлордо хит экен да эми
12.08.2016. 09:42
 amin1986
Балли Алмаз
12.08.2016. 14:08
 fanatkg
Жакты!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо