Алмаз Шаадаев "Фаридам"
Жанр:Поп
00:03:48
64,34 Мб
Жүктөлгөн: 13-09-2016


Сөзү:Шайлообек Дүйшеев, Тынарбек Амановдуку
Обону:Тынарбек Амановдуку

Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(21 добуш)

Комментарийлер (52)

13.09.2016. 18:41
 Palan4a
Бир аз озбектердин музыкасына аралаштырганын айтпаганда норммм эле! Анан кыздардын бийлегени такыр ни в тему!… Музыкасы каякта, бийи каякта?…
13.09.2016. 18:46
 umar.88
Супер, соз жок!Ырга да,клипке да 5+.Алмаз азаматсын.
13.09.2016. 18:59
 altyn2015
Жакшы!
13.09.2016. 19:09
 Xperiaedil
Ыр дагы клип дагы супер!
13.09.2016. 19:15
 Beka95
Клип жакшы. Ушул ырчынын аракети куч.Берекети деле болчу кун алыс эместир. Клиптеги каармандар эле клиптин репутациясын которчуудой. Бири Нуриза Бурханова экинчиси супердин башкы журналисти. Молодец Алмаз бир ок менен экиден ашык коёнду аткансынго.
13.09.2016. 19:16
 alfa96
жакшы супер*_- M.R KRASAVA
13.09.2016. 19:20
 Arti
"Таак..эмне деп сындасам?" Дебей жон эле королучу. Азаматсын Алмаз! Клиптип 2 жолу коруп чыктым.
13.09.2016. 19:21
 meka94
Ooo men kutkon klip.yrdy ukkanda ele yrdyn hit boluwuna kozum jetken.klipke soz jok almaz baike.kliptegi akterler dagy jetkilultuu atkarywyptyr.yrdaganyzga soz jok super baary
13.09.2016. 19:38
 eldiyar.
Эн сонун чыгарма
13.09.2016. 19:59
 Atabaev.kg.su
Мен ушул клипти күттүм эле жакшы жарайсан Алмаз иним
13.09.2016. 20:23
 nurmuhammed.abdibaitov
ыр га да, клипке да соз жок ))
13.09.2016. 20:51
 Begimay.emir1
Сонун экен
13.09.2016. 23:47
 Mile
Ырды Асылбек Озубековдон томон денгээлде аткарыптыр. Мага жаккан жок. Автор озу катыра ырдаган бул ырды.
14.09.2016. 00:31
 syrduujan
клип синтетика экен...ыр мурункусу абдан сонун журокту эзчу....мында ырчы жигит жон эле ХХХ ХХХ олтуруп ырдагандай......Модератор admin_media түзөттү 2016-09-14 09:09:50
14.09.2016 09:10
admin_media
syrduujan, этика нормаларын сактаңыз!
01.12.2016 09:15
AIBEK-KG
admin_media, Баткендик кыз деген ырды ким ырдаган?
14.09.2016. 07:49
 nurmanet94
Jakshy boluptur
14.09.2016. 08:13
 Nuriza.kubatova
сонун
14.09.2016. 08:26
 nazgul90
Ыр да клип да сонун мага жакты азаматсынар.
14.09.2016. 09:34
 rahat97
он жолу кордум мага жакты ыр клип сонун жакты жакты беш
14.09.2016. 09:38
 rahat97
бул баланын клиптери бардыгы жакшы чыгат мага жагат азаматсын алга кайнене анан жана кичинекей баланын апасы россияга кеткен ыры ушул бала ырдайт беле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: