Нурлан Насип "Ак көйнөк кийген бийкеч"
03:59
9,11 Мб
Жүктөлгөн: 23-11-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Бактияр Токторовдуку
Обону:Бактияр Токторовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(27 добуш)
Элесиң көз алдымда,
Гитара үнүн уксам.
Унутам бир азга мен,
Нотасын ырдын жазсам.
Унутам бир азга мен,
Ал күндү эске тутсам.

Кайырма:
Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.

Байкабай калыптырмын,
Жүрөктү жаралапсыз.
Сурабай калыптырмын,
Аты жок калыптырсыз.
Ак көйнөк бийкеч болуп,
Аты жок калыптырсыз.

Кайырма:

Ырдаймын ушул кечте,
Жетер деп сүйүүм сизге.
Көрсөңүз эгер мени,
Качпаңыз алыс жерге.
Уксаңыз эгер мени,
Бололу бир аз бирге.

Кайырма:

Комментарийлер (85)

24.11.2016. 00:34
 casperr
Жакпады
24.11.2016. 01:51
 Belek2070
Ото сонун ырдаптыр Нурлан азаматсын. Автордуку да озунчо озгочо бул да не обычно чыгыптыр. Кайрат Нуртас ырдаса кандай болот эн сонун чыкса керек.
24.11.2016. 02:03
 Atabaev.kg.su
Э Нурлан эркекче айтсам 100% начар ырдапсың менин наасаттым сага жакшы ырды чыйылдап бузбай эле койсоң болмок бары бир авторго жетпейт да Мен үчүн Бактияр токонов кыргызстанга номер 1 ырчыго турабы достор ким кошулат мага?
25.11.2016 11:52
Alixan-Nookat.2015
Atabaev.kg.su, Токонов эмес Токторов
25.11.2016 17:48
Riokyrgyz
Atabaev.kg.su,Ар кимдин оз оюу бар,бул сенин жеке оюн.Биооонун да оюн сыйлай билуу керек,ошондуктан сенин экинчи оюна кошулам.Токторов КРда номер бирби билбейм,биоок Токторовдукундай ун уга элекмин,Нурлан албетте Токторлвдой ырдаган эмес,себеби экоонун уну эки болок.Экоонун ырдоо жанры эки башка,созсуз эле окшоштуруу кажет эмес.Жаныча иштеп чыктыбы,жаныча коз карашта карагыла да.эскисине салыштыра бербей.Нурлан азамат,бир ааз кемчиликтерди эске албаганда баары жакшы.
24.11.2016. 03:24
 fanatka19
Өзүңдүн ырларың эле жакшы,муну ырдай албаптырсың.келсе деп ошол майрамм,жолуканнн деп аягындагы тамгаралга аябай басым жазалган.негизи эле эски ырларды ырдай албайсың,андан көрө жаңы эле ыр жазып ырда.
24.11.2016. 05:53
 Ashygym
Ашымбек Сабиров ырдаганын уксанар ото сонун
24.11.2016. 06:46
 Gulirka.95
Komentterdi okup ukkum kelbei kaldy.
25.11.2016 18:30
molniya77
Gulirka.95,дддд
24.11.2016. 07:17
 anuvar0903
кайдасын азыр кайдасын
кабарын айтчы азыр учуп барам
ушул ырды тапканга жардам бергилечи ким ырдайт
24.11.2016 09:03
marmilantka
anuvar0903, Асель Касымова "Эркелеп" деген ыр
25.11.2016 20:30
nary-beri
anuvar0903, нооруз алымбеков ырдап чыккан
24.11.2016. 10:03
 umar.88
Жакшы эмес.Ырды бузуп салыпсын.Бактыяр байкеге жетпейт
24.11.2016. 13:27
 krem
Олтурупсууун
24.11.2016. 15:13
 nur_zhoni
Тойлордо валис десе ушул ыр коюлат экенда эми е
24.11.2016. 16:06
 NarutoUzum
Коюлбайт!! Ырдын чмосун чыгарыпсын го!!! Жетпеген жерге секирбе Нурлан Насип! Анекдот кылып ырдап коюпсун..
24.11.2016. 18:12
 Kuba89
Мага музыкасы дал келбегендей сезилди, на на на деген жерлери окшошпой калыптыр, бирок начар дебейм орто.
24.11.2016. 18:48
 Alixan-Nookat.2015
Начар ырдапсың Нурлан,Бактияр Токторов жакшы ырдаган
24.11.2016. 19:23
 Sholpon
Балли оюмду жазып коюпсунар а то жазайын десем коментарийлер жазыла элек экен эле
24.11.2016. 21:25
 akimova22
Ийй бир нерсе жетишпейт.Купулуна толбойт.Аягына чыкканча жудоп кеттим.
24.11.2016. 21:36
 Nasipov.97
Урматтуу админ Нурлан Насиптин даны ырлары чыгыптыр.Кошуп койгулачы сураныч!
24.11.2016. 22:29
 kilim
Анча эмес
25.11.2016. 01:12
 Alinka-Urmat
Бул ырды Жоодарбешим ырдаса жакшы чыкса керек эле..
25.11.2016. 04:04
 _RoMa_
Мендиктигин билбей Жаным сени баарысы караша берет,
Сулууланба жааным сен коп жасанба коз тиет деп коркуп журом азыр да...
Ушул ырды ким ырдайт . Билгендер болсо айтып койгулачы сураныч?
26.11.2016 01:36
Genar.benicio
_RoMa_,Сыймык Бейшекеев ага го менимче)
25.11.2016. 04:36
 yakutiya-Mirnyi
админ неге Дадага деген ырды киргизбей жатасынар
25.11.2016 11:40
admin_media
yakutiya-Mirnyi,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/useraudio/173437/
25.11.2016. 09:33
 aiturgasha
Ырдын башы жакшыле, аягы бла бла экен. Айрыкча на на дегени.
25.11.2016. 09:35
 Jeka1996vip
ар кимдин ою бар.аларды силер жазганга укугунар бар.кимдир бирооно жакты.кимдир бирооно жакпай калыптыр.мага жакты нуриля алга))
25.11.2016. 09:58
 Antoshka2016
Жакшы ырдын баркын кетириптир
25.11.2016. 11:19
 Tima0304
начар ырдаптыр
25.11.2016. 13:25
 nazira...
Ооба, бахтияр озу жакшы ырдаган.
25.11.2016. 16:24
 _RoMa_
Админ ким ырдайт мен издеген ырды?
25.11.2016. 19:58
 mukai
Жакшы ырдай албаптыр уну жетпейт экен.
25.11.2016. 23:20
 varsal
тойго жазыпсын,но олтурупсун жакшы чыгарманы,
26.11.2016. 03:28
 rocking_roll
Укса болот
26.11.2016. 09:51
 ere
Ушул чайдын дамы ушундайт зор экен чайхана чайхана денег ырды Ким ырдайт болсо жуктоп койгулачы админ,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо