Гүлжигит Сатыбеков "А балким..."
03:33
4,86 Мб
Жүктөлгөн: 26-12-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.35/5
(37 добуш)
А балким, башка бирөө таптың беле?
Өзүңчө качып эле...
Өзгөрдүң эми неге?
Сөздөрүң жаным эле,
А балким, башка бирөө сүйдүң беле?
Көздөрүң сүйкүм эле,
Сөздөрүң ширин эле,
Бири жок бүгүн неге?

Болушум ушул болсо не кыл дейсиң?
Дилимди же билбейсиң,
А өмүр өтөр-кетер,
Бир келген көз ирмемсиң.
Жашоодо өкүнбөгөн адам барбы?
Сыйрыдың жараттарды,
Бактылуу күндөр келет,
Бардыгы жаңы, жаңы.

А балким, башка бирөө жакты беле?
Жолуңа тартып желе,
Кош эми, ыйлайт дебе,
Кааларым бакыт эле,
Кааларым бакыт эле.

Комментарийлер (73)

26.12.2016. 22:05
 moskyrsat
Укса болгудайго
27.12.2016. 00:31
 BebeU
Гулжигит мн Айжамал дует ырдагылачы
27.12.2016 12:23
izdeim_seni
BebeU,ооба,Айжамал менен Гүлжигит дуэт ырдаса жакшы болмок.Эл да экөөнүн тагдырын билет.Элдин жүрөгүнө сиңмек да
27.12.2016. 01:03
 aydarov...
Молодец
27.12.2016. 01:21
 Sarana
Keremet yr!
27.12.2016. 08:25
 ibrahim9bir
Jakwy yr eken
27.12.2016. 12:27
 Alixan-Nookat.2015
Анча эмес экен башка ырларын жакшы коруп угамын
27.12.2016. 12:44
 Atabaev.kg.su
Админ Гулжигиттин махабаттым деген ырын жүктөгүлөчү сураныч
27.12.2016. 13:58
 Samandar
Жакшы эле ыр экен просто бул кунго чейин мындай обону аз эле озгортойун дегенго болот уксааа
27.12.2016. 15:38
 Russo--91
Классс
классс
сонун ырдаган.азамат
27.12.2016. 17:40
 deva
Мага жакты! Башканы сүйсө кете берсин!
27.12.2016. 19:28
 tanges94
аябай жакты обону,жаштарга кобурок жакчуудай ковер версиясы гитарада коп ойнолот!!!дегеле гитара коштолчу музанын баары сонун
27.12.2016. 20:16
 Nemo_0587
Урматтуу супер, ушул ырдын текстин жуктоп койсонуздар жакшы болмок!!!
27.12.2016. 21:19
 Pele_2000
En sonun maga aiabai jakty Mahabatym yryn juktop koisonuzdar jakshy bolmok
27.12.2016. 22:15
 ularik_kg
соп соонун ырга тема жок
28.12.2016. 00:00
 Keremet008
Аябай дем алыыып ырдаптыр го. Бизге качаан келет а ошо бактылуу кундор?.....
28.12.2016. 00:40
 kilim
Эс аласын го укканда
28.12.2016. 00:45
 Ananasky
Ардайымкыдай соонун ыр .
28.12.2016. 01:08
 Shadykanov
Guljigit uilonup ajyrawtyby bele .uilono elekko uguwumcha
28.12.2016. 02:53
 Aina77
Неа анча эмес го соонун ырлар жаралчу го неге бул ырыныз супсак.
28.12.2016. 03:29
 adi_ko.kg
Зынк алга
28.12.2016. 04:11
 fanatka19
А балким башка бирөө сүйдүң беле дегени эмнеси эми,бул аптада мен сыйлаган ырчылар жаны ыр чыгарышыптыр деп сүйүнсөм,сөздөрүн эптеп ырдап коюшуптур.
28.12.2016. 04:33
 kake90
Аргим ардеке дейберет сооптун туу тешик дейт айдайбер ырдан близ угабыз жердеш мен каражыгачтын кулуну болом канат кенжетаев дашы даны куто беребиз зор
28.12.2016. 13:45
 Tynarbek.kg94
Мыкты
28.12.2016. 20:19
 Beka.kaba
Жон еле суйлом тузуп койгондой го
28.12.2016. 23:35
 Zholonkyzy.Gul89
Анча эмес
29.12.2016. 00:13
 Bekish-kg
Урматууларым,кымбатууларым,кимин болсонда сураныч,Б.Борбиевдин бакыран коз деген ырын бироо ырдартыр,радиодон угуп калдым,ошол ырды кайсыл дерден кочуруп алсам болот,купуя катка жазып койгулачы.
29.12.2016. 10:28
 Nusu9898
Текст жакшы экен. Бирок обону ХХХ жакпады
29.12.2016. 10:37
 umar.88
Урматтуу супер инфо! Быйыл концерт кошосунарбы? Же биротоло эмдиги жылы коробузбу?
29.12.2016 10:50
admin_media
umar.88,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдын Кинозал бөлүмүнөн көрө аласыз.
Комментарийлерди жашыруу
04.01.2017 05:59
kg.balakai
admin_media, эмне учун музаман тобу жок
04.01.2017 11:37
admin_media
kg.balakai,
Саламатсызбы! Азырынча Элдик видео, аудиодон таба аласыз, шилтеме: http://www.super.kg/media/?search_term=музаман&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
29.12.2016. 14:32
 Aiza9797
++++55555 , кайра-кайра угуп атам)
29.12.2016. 17:12
 Aibekovna1998
Guljigit baikenin yrlary juroko jetet ayabai sonun yr boluptur
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо