Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
04:19
6,9 Мб
Жүктөлгөн: 14-03-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ерболат Каракойшы
Обону:Мерхалил Махмудов
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(45 добуш)
Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Комментарийлер (145)

17.03.2017. 17:40
 aidartegin
Jasurbek Jabborov va Dilnoza Akbarova - Azizim
17.03.2017. 22:09
 Nadyrbekkg
Сонун ыр болуптур
18.03.2017. 01:52
 Birimdik5555
Азаматсынар ийгилик!!!
18.03.2017. 08:20
 sabyr86
Нурлан жакшы ырдашыптыр,бирде сен,бирде сиз деп ырдагандары эле болбосо жакшы.
18.03.2017. 21:07
 Tima07
жакшы эле укса болот да
19.03.2017. 13:30
 arawan
самара эжени коро албагандарга ден соолук самара эжени жамандагандар мага келгиле кыргызым коро албастыкты качан коёбуз аа
19.03.2017. 16:04
 Gulzina1993
Аябай сонун, алга.....
19.03.2017. 19:06
 Atabaev.kg.su
Начар ырдабай эле койсоңор болмок
19.03.2017. 21:21
 Aita1995
Самара озунчолего голосун озгортуп)
19.03.2017. 21:24
 Aita1995
Бирок соонун эле ырдашыптыр.
20.03.2017. 03:54
 jentilmen
Ырга соз жок жакшы ырдашыптыр
20.03.2017. 16:08
 Ankel
Эн сонун ыр жана мыкты аткаруу. Азаматсынар Нурлан, Самара. Чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
20.03.2017. 17:59
 abdurasulov
Ийгилик
20.03.2017. 21:46
 ruskarakol
Ийгилик...
Дагы дуэт кутобуз
20.03.2017. 22:58
 stepboy
ото эле сынайсынар да озбекчесин уктум андай деле кыйраткан эмес экен го кыргызчасы сонун эле чыгыптыр
21.03.2017. 15:28
 Aidyn_Kyzy
ийгилик
21.03.2017. 23:11
 epte.sem
Озбекчесин таптакыр угуп болбойт
21.03.2017. 23:44
 toroev
Соз жок. Супер.....
22.03.2017. 11:09
 Muslima.aksy
эн жакшы аткаруу
22.03.2017. 11:10
 yrys2000
озбекчеси менен казакчасынан жакшы чыгыпыр.
22.03.2017. 11:11
 yrys2000
Админ. бул ырдын клиби качан чыгат?
22.03.2017. 11:19
 chinagirl
Эн сонун! Самара да, Нурлан да сонун аткарышкан, абдан уккулуктуу! Казкча болобу, узбекче болобу алардын оздорунун аудиторясы бар! Эгер бул кыргызча дуэт кимдир бироолорго жакпаса казакча, озбекче варианттарын уга бергиле, ага толук акынар бар! Мен ойлойм бул дуэт копчулук угармандардын конулунон тез кундо орун табат! Анткени аткаруучулар которуп алышып же копия кылышса да баары ото сонун! Ийгилик Самара, Нурлан! chinagirl түзөттү 2017-03-22 11:22:35
22.03.2017. 14:03
 Sema87
Сайкал менен же Бактыгул Бадиева менен ырдаса болмок
22.03.2017. 14:18
 shok_Jigit
Сезбейсинго сага жеткенге кызганасын неге мынчалык ушул ырды ким ырдаса айтып же сслка берип койосуздарбы?
22.03.2017. 17:19
 korea
Молодцы аябай жакшы чыккан... Мага аябай жакты.Ийгилик каалайм силерге!
22.03.2017. 18:51
 mi2000
Буткон ишке сынчы коп. Булардан чыгармачылыгы кызык болгону учун жуздон ашуун адам комментрий калтырган. Ийгилик каалайбыз.
22.03.2017. 21:42
 A9n77BAIKEEV
Казакчасы мукамдуу болуптур чынында. Силерда башкача ырдап койсонор болмок окшоштурабыз деп бузуп алыпсынар озунордун гана унунор менен болгондо аттин
23.03.2017. 13:11
 syi.nasip
Эң соонун дагы да жаңы музыка жарата бериңиздер Нурлан байке
23.03.2017. 14:56
 aizbek
Озбекчесин казакчасын кандай тапсам болот
23.03.2017. 16:56
 Medi_Barktabasova2017
минусовкасын көчүрүнүздөрчү сураныч
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо