Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
04:19
6,9 Мб
Жүктөлгөн: 14-03-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ерболат Каракойшы
Обону:Мерхалил Махмудов
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(45 добуш)
Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Комментарийлер (145)

14.03.2017. 17:41
 nur.akturpak
Самара жаман кыйналып ырдаптырго.
14.03.2017. 17:52
 Rasul94
Самаранын уну ширин го бул ырында.мага жакты класс
14.03.2017. 17:57
 Motorola-Samsung
Базар жок, Самара эже үнүңүзгө береке
14.03.2017. 18:05
 kyrgyz.93
Самаранын уну жакшы самара болгон уну менен ырдаса нурланды уну чыкпай калмак
14.03.2017. 18:07
 Begimkyz.
Мага жакты)
14.03.2017. 18:26
 Asel9292
Аябай жакшы ырдашыптыр ийгилик сиздерге
14.03.2017. 18:28
 Nurdan1112
Мен куткон ыр
14.03.2017. 18:47
 Orunbu
Соонун... Мага жакты.
14.03.2017. 19:07
 almanbet_kyshtut
азаматсыздар жакшы чыгарма болуптур уккулуктуу чыгармачылык ийгилик каалайм!
Дагы да жаны чыгармаларды кутобуз.
14.03.2017. 19:09
 maksat.satiev
Клипи барбы экен.ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2017-03-15 17:56:39
14.03.2017 20:27
kg.balakai
maksat.satiev, клиби тартылган бирок азырынча анонсу эле толук жакында чыгат
15.03.2017 17:57
admin_media
maksat.satiev, курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
14.03.2017. 19:11
 Maks_shop
Зынк экен
14.03.2017. 20:01
 masr88aza
Админ жана Достор ушул ырдын казакчасын ким ырдайт жазып койгула сураныч
14.03.2017 20:28
kg.balakai
masr88aza, куандык рахым & альбина шардарова-болайык бирге
14.03.2017. 20:52
 aibektemurov
Жакшы мазмундуу ыр болуптур, аранжировкасын дагы бир аз иштесе болмок
14.03.2017. 21:53
 okumushtuu
Соооооооооонууууууун эззззилип кеттим
14.03.2017. 22:04
 farhat84
Зор
15.03.2017. 00:04
 Rasul94
казакчасын уктум сонун экен.бирок баарыбир биздикилерге жетпептир сонун
15.03.2017. 03:26
 Aruu_2010
Соооонун
15.03.2017. 03:38
 nur0202
Самара озундун унун менен эле ырдабапсын да.жасалма бп.а так жакшы
15.03.2017. 05:04
 Badu88
Жакшы аракет бар бирок өзбекче вариантына эч кимиси жетпейт казакчасы да кыргызчасы да супсак болуп калыптыр
15.03.2017. 05:17
 Badu88
Өзбекчесин уксанар кыргызчасын казакчасын таккыр уккунар келбей калат бул мн жеке оюм
16.03.2017 10:59
Bolunbo.kyrgyz
Badu88, сен уга бер
15.03.2017. 08:42
 bek-94
Аппак жоолук
салынган ак көйнөкчөн Алымкан,ырын жүкүтөп койуңуздарчы админ
15.03.2017 19:59
Motorola-Samsung
bek-94, өзбекче вариантын кантип тапсак болот
15.03.2017. 08:47
 anuvar0903
сонун
15.03.2017. 10:00
 007muni
Хэ ксерокопия укмуш иштейт да биздин турк тилдуу туугандарда!
15.03.2017. 11:14
 nazel
Соонун чыгарма болуптур абдан жакты.Нурлан Самара чыгармачылыгынарга ийгилик алга
15.03.2017. 11:37
 aiturgasha
Самаранын голосу менен Нурландын голосу топ келбептир. Самара кынкылдабай ырдаганда жакшы болмок. Ырдын мазмуру жакшыкен.
15.03.2017. 11:53
 elvira1980
Супер инфо айланайын Гулбубу Орозкул кызынынжанарым деген ырын Гулнара Калдарованын обон кулку деген ырын 3 ай мурун сурандым эле жакында деп коюп кутуп отурабыз Эмнеге жаны концерттер жок Кенже Дуйшееванын жаны концертин дагы жуктоп бериниздерчи
15.03.2017 12:08
admin_media
elvira1980,
Саламатсызбы! Сунуштарыңыз эсибизде, мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт. Аткаруучулар тарабынан даяр болгондо берилет.
15.03.2017. 12:24
 mekaaibek
мага ырдын мааниси абдан жакты казакчасы жана озбекчеси кандай аталат кимдер ырдайт жазып коюнуздарчы сураныч угуп коройун...Самара оз уну менен эле ырдаганда ото сонун болмок экен
15.03.2017 20:09
Ulan2601
mekaaibek,ХХХ ХХХ табасын азизим депМодератор admin_media түзөттү 2017-03-16 12:49:26
Комментарийлерди жашыруу
16.03.2017 12:49
admin_media
Ulan2601, курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
16.03.2017 12:49
admin_media
mekaaibek,
http://www.super.kg/media/useraudio/186757/
http://www.super.kg/media/useraudio/186761/
15.03.2017. 13:18
 Manutd.kg
Бул узбекче ыр беле
15.03.2017. 17:16
 Alixan-Nookat.2015
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай? Сонун ыр саптары жакты мага ыр.
15.03.2017. 18:38
 Myrza25052015
Нурлан байке ийгилик сизге
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо