Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
04:19
6,9 Мб
Жүктөлгөн: 14-03-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ерболат Каракойшы
Обону:Мерхалил Махмудов
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(45 добуш)
Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Комментарийлер (145)

14.03.2017. 15:41
 muhamedali
Эң жакшы ыр болуптур! Текстин кошуп койсоңуздар!
14.03.2017. 15:42
 Mani.kg.
Бул ырдын казакчасы,озбекчиси эми кыргызчасы чыгыптыр да..
14.03.2017. 15:59
 kilim
Азаматсын Нурлан эн соонун ыр. Асель м.н ырдаганда соонун жарашмак
14.03.2017. 16:41
 Perii90
Негизи башка улуттуку болсо да жакшы чыгыптыр сонун рахмат чон порталга. Кайсыл жактан кочуруп алсам болот деп издеп аттым эле.
14.03.2017. 16:44
 jigitaly
Nurlan jakshy yrdaptyr
14.03.2017. 16:50
 Siafan
Озбекчесин ким ырдайт,???билгендер айтып койгула,?
14.03.2017 20:25
kg.balakai
Siafan, jasurbek jabbarov & dilnoza akbarova-azizim
14.03.2017. 16:51
 Siafan
Самара Альбина ны туурабай озунун голосу мн ырдабаптыр жасалма,))
14.03.2017. 16:58
 Ma9
Сонун
14.03.2017. 17:10
 Marjan92
Сонун чыгыптыр жарайсынар
14.03.2017. 17:14
 mp3kg
Бир аз мындай кызыктуурак ыр чыгарса болбойбу? Аябай эле зээригичтуу го. ЖАКПАДЫ ЛИЧНО.
14.03.2017. 17:38
 general2030
Жакпагандар жазбай эле койгула, Асан байке менен ырдабаптырда Самара жене. Сонун чыкмак)))
14.03.2017. 17:38
 general2030
Бирок Нурлан братишка келиштириптир
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо