Аскат Мусабеков "Күтүү"
03:23
3,11 Мб
Жүктөлгөн: 09-08-2010
Сөзү:А.Эгембердиевдики
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(16 добуш)
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу,
Берметтей күнгө жалтырап.
Сездирип салкын илебин,
Аскага тийип жанчылат.
Манаттай күйүп кыр жапкан,
Жел өпсө тоонун гүлүнөн.
Капчыгай өңдүү күүлдөп,
Алдастайт менин дүнүйөм.
Алыста жүргөн жан курбум,
Жарыма окшоп өзүмдүн.
Көзүмдөн учуп карааның,
Өрүктөй болуп эзилдим.

Көргөзбөй коюп таптакыр,
Жетүүгө мага туш кылбай.
Көкүрөк санаа, көңүлдөр,
Камоодо калган туткундай.
Жарыгы болгон мезгилдин,
Жарымы күн да, жарымы ай.
Тагдырдан күтсөм неликтен?
Таптырбай кеттиң, жаным, ай.
Кыйчалыш жолдун айынан,
Калсам да мезгил өткөрүп.
Өзүңө бирөө көз салса,
Өрттөнүп кетем, өрттөнүп.

Шуулдап күмүш бариктер,
Жел жүрсө муздак сыдырым.
“Сагындым сизди, агай”,- деп,
Жалооруп чыкты шыбырың.
Көңүлгө түшүп көп санаа,
Көзүмдүн жашын кулатып.
Колдоруң булгап канаттай,
Карааның турду узатып.
Кең дүйнө болуп керемет,
Кебимдин таппай кыябын.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.

Комментарийлер (48)

09.08.2010. 20:01
 mik
Жакшы ыр экен.
10.08.2010. 00:59
 jozassky
Ыр жакты, качан кочурууго мумкун болот?
10.08.2010. 08:57
 diko
Укмуш ырдаптыр! Тимеле куйуп орттонуп ырдаптыр! Азаматсын Аскат! Сенден дагы мыкты ырларды кутобуз.
10.08.2010. 09:45
 Мэри
Ыр мыкты чыккан, созу обонуна, обону созуно жарашып. Аскат да жогорку денгээлде аткарган. Мындай ырларды жаратып кеткен Калмурат Рыскуловго таазим.
10.08.2010. 09:53
 Мэри
Ушундай кыргыздын журогуно, жан дуйносуно жакын,сапаттуу ырлар кобойсо экен.Мындай ырларды элге жеткирип жаткан Аскатка да коп-коп ийгиликтерди каалайм.
13.08.2010. 03:10
 Адам
Sonun!
13.08.2010. 03:57
 Demon
jarayt, azamat ...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо