Нурмат Садыров "Айгүл гүлү"
03:18
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 23-06-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Турдалы Иматовдуку
Обону:Мамажан Козубаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(14 добуш)
Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.

Кайырма:
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.

Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.

Кайырма:

Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.

Кайырма:

Комментарийлер (35)

23.06.2017. 14:45
 renat-KG
Эн сонун эн сонун ичинер куйбосун))
23.06.2017. 15:17
 Gulum.menin
Жакшы.
23.06.2017. 15:45
 tuki
Мен коментарини окуп эле уккан жокмун
23.06.2017. 16:03
 Jeka1996vip
Каери жакшы экен айткылачы ошол жерин угайын))
23.06.2017. 18:59
 sladomir
Жакшы ыр экен. Красавчик.
23.06.2017. 19:28
 Xperiaedil
Башканарды билбейм го бирок мага жакты, кутуп журдум эле ушул ырды
23.06.2017. 19:54
 Baatyr.ali
Жакшы элего
23.06.2017. 22:59
 KG.Kushtarbek
Жаман дегендер озунорго озунор суроо бергилечи бир мен ушундай ырдай алат екемби деп
24.06.2017. 00:06
 Sameriko
Бул Баткендин Мамажан козубаев деген ырчысы бар ошонун ырын бир аз өзгөртүп ырдаптыр ал ырчынын бир ырын кызбурак ырдан ак булут айта бар арманымды деген ыр болчу жакшы ырдай бер Баткенге барып Айгүл тоодо тарт эми клипти Ийгилик.
24.06.2017. 05:00
 Elistankg
Классно дагы игилик
24.06.2017. 18:58
 mirzoahmatov
эң жакшы болгон ыр.
тушунбогондор ар нерсе дей беришет.
Нурмат байке класс +5555
ийгилик каалайм.
24.06.2017. 23:36
 Sarana
Анча эмес!!!
25.06.2017. 00:28
 sabyr86
Нурматтан Торгоюмдан кийин жакшы ыр чыккан жок.
25.06.2017. 11:39
 Bek94
Болбойт
25.06.2017. 15:14
 ALMAAAN
Азамат Нурмат красавчик жакшы ырдайсын.
26.06.2017. 02:53
 Ardak.kj
Болот жакшы эле бирок жакшы ырдап чыга албаптыр
26.06.2017. 07:17
 SashaMakedonskiy
Сонун ырдаптыр!
26.06.2017. 07:28
 SashaMakedonskiy
"Дуйнодогу гулдордун ханышасы" эхх кандай гана сонун саптар!
26.06.2017. 07:35
 SashaMakedonskiy
Эхх... он сегиз жашыма бир барып келдим! Кандай сонун! Жашагым келет! Суйгум келет!
26.06.2017. 16:49
 asia_asia
Нурмат байке, унунузго соз жок! ыр деле жаман эмес
26.06.2017. 18:05
 Rasul_Rahmanaliev
ОО Мамажан акенин саптары!! БРАВО! обон,саптар баары супер! Ырды 5 жолу уксанар мыкты ыр экенин сезесинер!
26.06.2017. 19:40
 Jeka1996vip
Авторун и обончунун аттарын жазбайсынарбы.эл билсин ким жазганын.ушинтип ырдап салса кийин талашышат мен жазгам деп
26.06.2017. 20:20
 Ulan1988
Барган сайын ырчыларыбыз каяка баратышат. Болбогон темаларды ырдап
27.06.2017. 08:19
 nur_zhoni
Башталганда жакшы башталат экен 1 куплети кайырмасы такыр жакбады
28.06.2017. 13:29
 Stervashka
Жакшы, сонун ыр болуптур. Мага жакты аябай.
30.06.2017. 09:16
 Tolkun96
Жакшы дегендер ырга болгон вкусунар ушунчалык томонбу? Торгоюм, жомоктогу сулуу деген ырларыго базар жок бирок. Бул ыры болбой калыптыр
01.07.2017. 11:15
 Rasul94
эн сонун ырдаган.азамат Нурмат
04.11.2017. 11:03
 Mister.Erik
Мыкты ырдаган
04.11.2017. 18:31
 Pandora
Эн соонун!!! Жогоруда жактырбагандпрга суроо: Силерге озу кандай ыр жагат?! Зын зын,дын дынбы?же теке текеби?
08.03.2018. 21:22
 Dari1511
Сонун ырдаган. Жакшы чыкпаптыр деп жазгандарга болсо айтаарым мышык майга детпей пуф сасык дептир.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо