Мирбек Атабеков "Мурас"
03:41
8,4 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2017
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(28 добуш)
Айтамын гана ээй,
Атадан гана калган мурасты.
Жаңырып заман, эй,
Жаңы муун баба салтын улантты.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кеттиң алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.

Арнагам гана, эй,
Жериме чындап өчпөс эмгекти.
Баатырлар гана, эй,
Байыртан буруп тынчтык элдешти.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кетип алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.

Комментарийлер (41)

05.09.2017. 11:19
 Rasul94
ушулбу суранган ырынар
05.09.2017. 11:29
 Abdusamat.kg
Ушул дагы ырды? Каныкейдин жанрында сага жарашпайт экен
05.09.2017. 11:53
 dastan_nookat
Мына сага ырбы супер күтүп жүргөм рахмат сиздерге жакпагандарга укпай эле койгула
05.09.2017. 11:54
 dastan_nookat
Сөз жок!
05.09.2017. 11:57
 Jakusya
Супер! Изденет деген ушул да, керемет ыр экен... Жакты!
05.09.2017. 12:11
 Rasul94
ушинтип болбогон ырлары учун мактай бересинер анан эмгек синирген наам кор болуп атат да
05.09.2017. 12:42
 Maika
Мирбек ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт, жаңылыктарды жаратып турат. Бул ыры да өзгөчө сонун. Азаматсың, Мирбек!
25.09.2017 14:50
nurik.7676
оба да!

05.09.2017. 17:28
 dastan_nookat
Өзгөчө клип күтөбүз
05.09.2017. 18:27
 jigitaly
Ууу канча куттум ушул ырды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо