Алтынай Нарбаева "Кимибизден?"
04:00
3,95 Мб
Жүктөлгөн: 23-08-2010
Сөзү:Д.Садырбаевдики
Обону:Ж.Кочкоровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(29 добуш)
Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.




Комментарийлер (53)

25.08.2010. 12:48
 nazirа
мага жагат да.
Качан кочурууго болот?
27.08.2010. 15:58
 aziza
Алтынай Нарбаеванын Сагындым сени деген ыры болсо жазып койгулачы, СУРАНЫЧ!!!
27.08.2010. 16:31
 aziza
Любимый Наш СУПЕР ИНФО, пожалуйста дайте перекачать.
29.08.2010. 10:47
 Айдарбеков
Кандай сонун ыр, уксан уйкун келет. Созу, обону дал келишкен ыр.
02.09.2010. 12:18
 ХАНЗАДА
Мага да жагат сонун ырдаган! Саптары да маанилүү! Дооронбек Садырбаев талант экен го.Модератор түзөттү 02.09.2010 06:19
03.09.2010. 13:01
 Nuriik
sooonun yr!ko4urtkolo4u?
09.09.2010. 12:16
 Venchuk
Аябай жакты,мага эле эмес жанымда иштегендердин баарына да жакты
13.09.2010. 11:26
 Мэри
Бул ыр уйкуну келтирбейт го, тескерисинче, ойго салып, ойго батырат десек туура болчудай.
Кийинки чыккан мыкты ырлардын бири...
14.09.2010. 16:41
 Асылжан
Чыныгы эс алчу ырлардын катарын толуктаган ыр.
17.09.2010. 10:50
 Jandusik
Урматтуу Супер-Инфо, бул ырды издеп журуп таптым окшойт!!! Кочуруу эле калды...
17.09.2010. 12:10
 kaku
Супер ыр! Бул эжекебиз да жакшы ырларды ырдайт. Ийгилик!
22.09.2010. 15:29
 sampu
Мага абдан жакты !!!
27.09.2010. 20:06
 Baku
Эн мыкты ыр!
30.09.2010. 00:10
 asal
Магада жакты сонун укулукту ыр экен
01.10.2010. 18:36
 vertual
Докем чын эле чыныгы талант эле. Кандай деген ыр....
08.11.2010. 05:18
 Arstan
Уну тунук экен,бирок бул ырчыны биринчи угушум.
12.11.2010. 19:51
 jor
мага ррасса жагат силергечи
01.12.2010. 12:10
 nasyr
кочурулбой жататко :(( кочуруп алгандар барбы? эмне учун кочурулбой жатат???????
14.12.2010. 15:54
 mayfair
Зачет!!! Суйууну сыйлай билели.
05.01.2011. 20:36
 kuba552
Мага да расса жакты! туура айтасын jor!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо