Гүлжигит Калыков "Күттүм сени"
Жанр:Поп
00:03:37
55,16 Мб
Жүктөлгөн: 30-08-2010


Сөзү:Г.Рыспаеваныкы
Обону:К.Календаровдуку

Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайыңды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Кайырма:

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Кайырма:

Мен убакыт санап,
Жолуңду карап.
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү.
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Сагынычта өткөрөмүн күндөрүмдү,
Ойго салып, оорутпачы көңүлүмдү.
Билесиңби сен, сезесиңби сен? Күтүү менен күн өткөрүп жүргөнүмдү.
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.

Кайырма:
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

30.08.2010. 16:37
 ХАНЗАДА
Клипти го айталбайм, бирок жигит мурунга салып ырдайт экен. Даниелдин үнүнө аябай окшош го айырмалай албайсың.
30.08.2010. 18:18
 Шаиста Шатманова
Менимче Мирбектин эки клибин тарткан Саша тарткан окшойт, муну да. Бул жигитте (Белов) изденүү бар. Ар бир клибинен мурдагыларында кездешпеген бир үзүм болсо да жаңылык, өзгөчөлүк табасын. Жакты!
30.08.2010. 19:04
 samat
жашы клип болуптур супер!!!!!!!!=)
30.08.2010. 19:23
 samat
ыры супер !!!=)жакшы чыгыптыр
30.08.2010. 19:24
 samat
+10
30.08.2010. 19:37
 guldeva
+1000000000000
30.08.2010. 21:09
 swan
klip jakwi unu na4ar
30.08.2010. 21:10
 swan
togorogu top keliwken klip ka4an korobuz
31.08.2010. 02:43
 Arstan
Клип жакшы,ырда жакшы уга турган ыр экен.
31.08.2010. 02:47
 Elboto
emne jakshii korsotpoit uzulup uzulup ....
31.08.2010. 10:15
 lira
Videosun korbosom Daniel go dep oilomokmun...
31.08.2010. 15:48
 Асылжан
Келечекте үнү,келбети жагынан кыргыз эстрадасы сыймыктана тургандай ырчылардын тизмесин толукташына тилектешмин.
31.08.2010. 17:53
 MaRmeLaDka
Клип жакшы тартылыптыр. Кызы да жакты жакшынакай кыз экен. Гүлжигит образга жакшы кириптир,азамат!
01.09.2010. 00:00
 Bayish
можно послушать...
01.09.2010. 11:21
 hiall
Баары жакшы, главное ничего не испортили, но и оригинальным назвать нельзя. таких клипов огромное количество.
- бир эле сураныч, 1:52 минутадагы кадрды кыркып салгылачы. башка козго илинер кемчилик деле жок экен.
- обону башка бир ырдыкына аябагандай окшош экен(кайырмасы эмес), эстей албай койдум :), бул деле кемчилик эмес.
- в этой записи с 3:00 минуты беквокал(или как его там?) резковат, хотя может в качестве(оригинальный трек) все нормально.
в целом очень хорошо и кач
01.09.2010. 12:34
 safina
ой, мага клип жаккан жок, муну баягы эле орус тарканы билинип турат, мурдагы клиптерине окшош , мисалы Бураштын,Атабековдун кара коз,анг ырына окшошуп калыптыр, кыздар да бир кызыктай типтеги, андан коро накта кыргызга окшош кызды тартышпайбы
01.09.2010. 12:36
 safina
а так менинче алдыдагылар жазгандай, мага Гулжигиттин уну эч кимдикине окшошкон жок, жакшы уну бар экен, ырдаган техникасы да,ырынын мааниси да абдан жакты,
кайсы кыз гана кыялданбайт ушул ырды озуно арналышын
01.09.2010. 12:38
 safina
Абдан сураныч К.Култаевге клиптеринерди башка адамга эле тарттыргылачы,окшош,ОКШОШ,ОКШОШ!!!!!!Баары окшош и пошлостьтторду кошпогулачы.
Жарашпайт такыр экен!
01.09.2010. 12:50
 safina
Виски ичирип койгону да жаккан жок, а очки жарашат экен :-)
01.09.2010. 21:06
 Адам
Элдер, бул ырдын сөзү тууралуу эч нерсе деле айталбайм, БИРОК, ырдын обону кыргыздардыкы эмескени ТОЧНО!
Бул ыр Стингдин "Shape of my heart" деген ырынын обону го! Ваще бет деген жок экен!
/Sting - Shape of my heart/
Анан бир пикир айтасыңар.
02.09.2010. 02:04
 kschopa
Койгулачы, Стингдин ырына окшобой эле турат!
Ыр жакты, абдан жакшы ыр экен, ырчынын уну кооз экен абдан, жакты. Браво!!!
02.09.2010. 12:37
 Mekalayka
Ураматтуу Супер-Инфо!!! Сайтынарды мурунку корунушуно келтирип койгулачы сураныч. Башым айланып кетти каша болуп кетиптир. Азыркы тузулушу жакпай жатат. Чет элдин клиптеринин эмне кереги бар эми бул жакта. Мурун бир гана кыргыз клиптери болгону жакчу эле.
03.09.2010. 01:21
 fun
Abdan jak6y. Unu da jak6y. iygilik saga
03.09.2010. 01:23
 fun
Seni alysta jurgondo ugup, klipti korup abdan suiundum. Good luck!
04.09.2010. 03:54
 fun
klipti kopton beri koro albai jatyp jany ele tolugu menen korup buttum. Azamat abdan jak6y. Ukkandan tajabait ekensin, 2 saattan beri ugup jatam. Ukkan saiyn ukkum kelet. Iygilik saga. Taldai emgektene ber. Baary aldyda dep oiloim.
04.09.2010. 14:23
 Terner
мага дагы жакты...3 кундон бери угуп тажаган жокмун... создору журокко так калтырчудай... рахмат Гулжигит, алга!
06.09.2010. 11:41
 andormeda
Идея жакшы +10
07.09.2010. 13:56
 Asecha
Ыр да, клип да жакты. Бардыгы идеалдуу. Гулжигит, сага чыгармачылык ийгилик!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: