Бегимай Карабаева "Таң шооласы"
03:15
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2009
Сөзү:Насирдин Жумановдуку
Обону:Насирдин Жумановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.11/5
(9 добуш)
Жаштык кетет кайрылбай,
Өткөн күндөн айрылбай.
Артык эле көптүн сырлары,
Үмүт гана жалдырайт.
Үнсүз тиктейт жалбырак,
Кечки сулуу сезим кылдары.
Ансыз кыска өмүрдө,
Кайгы калат көңүлдө.
Бир сен эмес жүргөн адашып,
Мейли бул ыр өчпөсүн,
Жаштык курак өтпөсүн,
Бул жашоодо дайым жанашып.

Кайрма:
Таң шооласын төккөндө,
Күн жүзүмөн өпкөндө.
Жашоо кайра жанданып,
Кайрылуу жок өткөнгө .

Оомат бакыт бир келет,
Ойной турган күн келет.
Көз отуңдан жашың тамбасын,
Жаным агат кан агат.
Келсе аруу махабат,
Бул жашоодо көңүл калбасын.
Бир көрүүнү сагынбай,
Ойго чөмүп жалынбай.
Айтчы жаным жаштык сырларын,
Аккан суудай тунуксуң,
Көлдөй терең улуксуң,
Таңкы сезим сүйүү кылдары.

Кайрма:

Комментарийлер (37)

24.02.2009. 00:45
 alysta
yrdy uga albadym.prosto birinchi jazgan sonungo e?
24.02.2009. 15:05
 newman
Мооо ырдычы лейлектик Венера Салямова деген кыз ырдачу. Анда "Мээрим" фондунун "Жаш талант" фестивалы болуп турчу. Ал кыз 1986 же 87 жылкы болчу. Биз ага ашык болгон кундор алыс калды.
Тема боюнча: ыр зор, кандай болсо да 6-класстагы суйуулорду эске салат.
24.02.2009. 20:06
 erma
jakshyle eken bolot
25.02.2009. 00:24
 BiLLy Beck
jakshy ele !!!!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо