Гүлнур Сатылганова "Ак санат"
Жанр:Эстрада
00:04:06
64,32 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2009


Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Эркин Мээркановдуку

Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз,
Кадырлашып калалык бүгүн конок эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбей тилегиңе жаркын үмүт кош,
Кейисең да кечинде эртең менен күндү күлүп тос.
Күмүш күндөр миң, бирок досум түшүнгүн,
Эң кымбатың эртең эмес ушул күн.


Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.


Өмүр бою өчүрбөй жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө,
Өткөн ишке өкүнбөй кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман көзүбүздөн кээде жаш тамып,
Бузулса да бул заман адам бойдон калгын сакталып.
Тагдыр ушу деп таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыңа жетем деп.

Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (44)

25.02.2009. 14:38
 jaina
Гулнур эже, клибиўиз жакшы. бирок, кдимкидей эле болуп калыртыр. Качан бир башкача жанылануу киргизесиз?
25.02.2009. 14:40
 jaina
Азыркы жакшы клип тартып жаткан режиссерлорго кайрылып, мазмуну соннннууун клип тарттырсаныз моокумубуз бир канат эле.
25.02.2009. 17:07
 moi lev
Озу бул ыр эн сонун. Бирок, клип баягыдай эле бийчилер, ар турдуу кийимдер болуп калыптыр. Ырга абдан сонун сюжетте веселый бир клип тартса болмок.
25.02.2009. 18:28
 tinatern
r super. Gulnur Satilganovanin muzykaga joopkerchiliktuuluk menen karagani ar dayim baykalat. Klip jonundo bolso. Bizdegi tehnikanin jana fantaziyanin jetishpey jatkani bir chindik. Glnz Satilganovanin imidjmeykeri jok beken. Ar dayim kochodo je ishte jurgondoy kiyinet.
26.02.2009. 05:42
 Асельчик
Аябай жакшы ыр экен, мага дагы жакты!!!
26.02.2009. 11:18
 ROZI
Баарынан да макияжа жакшы экен... Визажисттерге рахмат!!!
26.02.2009. 15:16
 ero prarab
Аябай сонун ыр канча уксам да тажабайм.Гулнур эжу!Алгаа..
26.02.2009. 16:23
 qwerty
замечательная песня!!!!!!
26.02.2009. 19:18
 alysta
eee yr kaida,klip kayda jatat?maanisi jakshy eken.
27.02.2009. 02:13
 BiLLy Beck
Ir jakshy....
a klip Gulnur ejenin stilinde bayagy ele tansorlor bayagy ele Gulnur eje alardan kem kalyshpay biylep jatkany.....
27.02.2009. 05:55
 Nora
(бул ырды жон эле туруп ырдаш керек эле)

anda sen jon ele turup yrdap koi
27.02.2009. 05:56
 Nora
Jaina kadimkidei degendi kandai tushunso bolot?
27.02.2009. 05:56
 Nora
Jaina kadimkidei degendi kandai tushunso bolot?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: