Ырыскелди Осмонкулов "Сулууга"
Жанр:Эстрада
00:03:05
62,81 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2009


Сөзү:А.Осмоновдуку
Обону:А. Керимбаевдики

Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе сагынба.
Жаш кездердей, ай, ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.

Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген, ай, сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн, ай, көңүл калуу көп экен.
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сүйүү деген, ай, сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от чачышуу жүрөктөн.
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (49)

11.03.2009. 09:37
 moi lev
Алыкул менен Асанкалыйдай таланттар жараткан ырды Ырыкелди бузбай ырдаганына ыраазы болосун. Клипти да жакшы тартыптыр.
11.03.2009. 11:19
 ROZI
Клип оригиналдуу тартылыптыр!
11.03.2009. 14:54
 ХАНЗАДА
азамат сонун ырдаптыр. эски ырларды бузбай ушинтип ырдаш крек!
11.03.2009. 17:55
 замечательная
СУПЕР! клип классный и он просто замечательно поет.
12.03.2009. 12:48
 sylyk kyz

Ырдын мазмунуна карата супер клип тартылыптыр.
Унутулуп бараткан ыр кайра жандана тушуптур.
13.03.2009. 13:58
 kom
ВО мына ушуну ырдай алат десе болот. Калган эски ырларды жаныча ырдагандар улгу алышса экен... Клип да ыр да четкий болуптур.
14.03.2009. 15:12
 Aidai
Баары бир профессионал экени корунуп турат мага аябай жакты
14.03.2009. 16:25
 sapsary
Соз жок Ырыскелди. Бар бол сен озу таланттуу жигитсин. Бирок, кийинчерээк кичине жалкоо болуп жатасын. Негизи ырдын текти обону супер. Супер ырды Ырыскелди супер ырдап супер клип тарткан
15.03.2009. 18:16
 kanat
Мага жакпады
19.03.2009. 17:50
 Айдай
Ахх Бали! Азамат. Бир куплет ыйлагынды келтирет экен.
20.03.2009. 21:55
 zombi
Butkon ishke synchy kop degendey menJANARBEKKE tan kalyp jatam. Emnesi jakpay kalganyn argument menen jazsan jakshy bolmok. senin sozun bul jerde koro albastykka okshop kalyptyr. ozun da bir samapal yrchy okshoysun ee?
23.03.2009. 13:26
 DaniMiX
Таланттар очпойт деген чын, Эн сонун ыр, клип!!!
01.04.2009. 01:47
 BiLLy Beck
Kyrgyzstandyn suluulugun korsotkon jakshy klip boluptur..
03.04.2009. 22:13
 mandalak
Er bolso jetip alyshsyn ee tuugandar.... bashkalary......... molodes Yryskeldi bratan davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai --- davai
07.04.2009. 12:50
 deva
Ырдын тексти мыкты жазылган Клип оригинальный болуптур Озгочо кыз менен жигиттин обушкон жери жакты
28.04.2009. 19:31
 Кокаин Марихуанович
5
29.04.2009. 10:29
 zara
Ыр сонун. Клип анча эмес:(. Мен башкача тартмак болчумун.
13.05.2009. 11:06
 Агата Кристи
ырыскелди байке, сиз суперсиз. Сиздин ырларыныз ар дайым журокто кала турган ырлар. ар дайым ушундай калыбыныздан жазбаныз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: