Кайыргүл "Периштем"
Жанр:Поп
00:03:55
60,19 Мб
Жүктөлгөн: 14-09-2010


Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (80)

18.09.2010. 16:35
 swan
Da po4emu u nas shas net takix filmov korgon sayin korgung kelgen, u devo4ki talant
,tawkindai bersin
18.09.2010. 17:08
 Tokmok
oi sonungo.. iyigilik!!!
19.09.2010. 08:50
 talaibek
Клип дагы ыр дагы жакшы экен. Ырдаган кыз андан бетер ...........................................:-)
19.09.2010. 23:44
 Akyikatchy
Жылдыздуу кыз экен.Бул кезде бойдок кезим,болочок жубайымдын алдымда жадырап турганын элестетип кеттим... Рахмат сага Кайыргул ырынды уккучакты эн сонун коз ирмемдерди тартуулаганына !
21.09.2010. 18:41
 Asem
Мага аябай жакты уну сонун экен, озум да кошулуп ырдап жибердим.
22.09.2010. 18:16
 cosmopolit
нормально...песня супер... но клип бир аз бир аз
23.09.2010. 02:14
 elima
кийим чачы жудомуш а так сонун...
23.09.2010. 11:13
 carcanat
Soz jok birda klipti minchalik teren oi menen berilip korbodum ele... Azamatsin KAYIRGUL! Unuda sonun eken
23.09.2010. 11:14
 carcanat
Chirkin kaira kaira kordumgo...
24.09.2010. 13:29
 kschopa
Ушу ырчы кыздын, Кайыргулдун, дагы бир клиби бар, ырдын атын билбейм, мындай создору бар: "...Мейли сенсиз калсам..." деген, ошол ыры дагы, клиби дагы абдан жагат.
24.09.2010. 13:31
 kschopa
Бул жакта бар экен, ырдын аты "Адашпайм эми" экен:)))
24.09.2010. 17:57
 Rahate
абдан жакшы болуптур аябай жакты уну да сонун экен ямичкасы меникиндей го.
24.09.2010. 18:01
 Rahate
мага дагы абдан жакты ямичкасы менинкиндей экен
25.09.2010. 16:41
 azamatdatka
азаматсын
нет слов
28.09.2010. 02:53
 Алишер
кантип ушул кинону билбейсинер, бул "биринчи мугалим" Дуйшон агай,Алтынай Сулайманова (академик), сонун ыр 5+
28.09.2010. 05:46
 ZemiCH
(0:41) - ona 4to golaia..?
28.09.2010. 09:53
 temu
Ыр да клипта мыкты экен. Айрыкча "Биринчи мугалим" тасмасынан алынган сюжеттерди коруп журогун толкуйт экен. Ийгилик Кайыргул!!!
28.09.2010. 10:51
 ayza
Takir jakkan jok!Aman ele bolsun!
06.10.2010. 01:12
 kaku
Кандай соонун ыр!!! Ырына клиби ото жарашып калыптыр!
07.10.2010. 17:51
 Арина
Жамгырда аттын үстүндө биринчи мугалимдин артында кыздын ыйлап жиберген кадры кадимкидей адамды титиретип, жүрөгүнө таасир берет экен! :)
12.10.2010. 17:45
 japarova
azamatsin..klipti korup jati iylap jibere jazdadim))4in ele kiz jildizduu,kiyimi na4ar bolso da..ona sumela ukrasit eti platya svoey krasotoy))
12.10.2010. 20:14
 Wonderfullgirl
супер класс +5
15.10.2010. 05:36
 Arstan
Эхх..сонун ыр,сонун ун,сонун кыз экен,кайра кайра уга берип дагы эле тажаган жомун,уккумле келип атат,Жакында Кайыргулду живой коруп суйуп калдым ай,озунун уну да тунук экен.
15.10.2010. 14:25
 aijanasan
Клип жакшы, бирок ак койнок жарашпайт экен.Калганы жакты.
18.10.2010. 13:55
 kuttum seni
Негизинен клип жакшы. Ушул ырды радиодон укканда аябай клипин коргум келген. Бирок ырын айтсам уну таза эместей Рысбай Абдыкадыровдой улуу обончуларды сыйлайм, урматтайм. Кайыргул жакшыраак аракеттенсе болмок. Формаларын да улуттук кылып кийсе жарашмак.. Бирок аракети ба
18.10.2010. 16:41
 akusya
Жүрөктү жылыткан ырго ушу.Кичинемде көргөндө кошо ыйлаганым эсимде. Азыр да кандайдыр бир жакшы маанайларды тартуулайт. Ийгилик !!!
20.10.2010. 14:19
 Nelya
Maga ir dagi jakkan jok,unu dagi jakkan jok,klip ele jakkti ozgocho birinci mugalimdegi tasmalar.
23.10.2010. 02:06
 Eliza
Симпатичная девочка и ямочки на щеках прикольные.
02.11.2010. 16:58
 maraKG
эн мыкты
02.11.2010. 16:59
 maraKG
Ырынан да озунун жонокойлугу кобурок суйунтот башка кашка улактарга окшоп жылдыз боло кетпейт
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: