Даниель "Жашоо"
Жанр:Эстрада
00:03:17
51,31 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2009


Сөзү:К.Качкынбаеваныкы
Обону:Б.Азимовдуку

Жашоонун кумары, жаштыкта туябы?
Жаркыган убагында,
Тарбия булагын, калтырган туягын,
Кадырлап турабы ал?
Өмүрдү кадырла, өткөнгө кайгырба,
Өкүнбө тагдырга сен.

Кайырма:
Байлыкка умтулба, бийликке кол сунба,
Бактыңды кор кылба сен,
Сыноого сынбайлы, чындыкты сыйлайлы,
Чырпык да кыйбайлы биз.

Жалганга жеңдирбе, жаман ой, жемеге,
Жабыгып кемибе сен.
Күл болуп себилбе, куру эле керилбе,
Кумарга берилбе сен.
Таазим кыл Теңирге, тар дүйнө теңинде,
Таарынып телмирбе сен.

Жашоо бул оюндай, жашайлы корунбай,
Жакшыны кор кылбайлы.
Жазасын албайлы, жаш төгүп калбайлы,
Жашоону кадырлайлы.
  • Currently 3.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

18.03.2009. 09:45
 sapsary
Буга чейин клиптин идеясы эч бир ырчынын клибинде кезиге элек идея экен. Башка ырчылардын клиби бири-бириникине окшош го. Даниел да сулуу жигит. Бирок, демдин балдарын тартканы жаккан жок. Анткени, бул лицолор жер-сунун баарында журушпойбу. Андан коро мурда жолукпаган лицолорду тартышса болмок.
18.03.2009. 09:46
 URB KG
Канаатандырарлык деген баа берсе болчудай го, менимче.
18.03.2009. 09:47
 moi lev
Жакшы тарбияласа бул ырчыдан чон жылдыз чыгат. Жашоодогу жаман корунушко каршы насаат ыр болуптур, анысы жакшы. Бирок, ашыкча эффекттерди кошуп Данчиктин жакшы унун бир аз бузуп коюшуптур.
18.03.2009. 09:52
 Кука
коро албай,ырды угу албай койдум......
18.03.2009. 13:09
 Русланчик
КрАсАвЧиК!!! ДаНИеЛ! Так держать! Клип просто сонун! дерзай дальше!
18.03.2009. 16:20
 rai
Даниельчик, супер! Сенин коздорун молтурогон бир башкача го! Ошондуктан кийинки клиптеринде очки тагынбай тартылганга аракет кыл ээ! Клип кайталанбаган озунчо бир оригинально экен!Мага жакты.
18.03.2009. 17:16
 qwerty
можно послушать
умница!
18.03.2009. 22:00
 ХАНЗАДА
татынакай коздорун неге бекиттин? а ырды эмнеге титиретип жиберген тушїнбєдїм. озунун эле уну жакшы болчу...
18.03.2009. 22:36
 babnik
maga jakpai kalam dep korunboi atat bul klip bir bolso;-))
19.03.2009. 11:19
 bakulj
ооой, кабагын буркоп алса секси болуп калат экен)))
20.03.2009. 18:50
 shirinochka
Тим эле укмуш!!!!Соз жок!
Правда смахивает на клип Шохруха-Хато.
21.03.2009. 15:00
 Русланчик
20-03-2009 18:50 shirinochka
Тим эле укмуш!!!!Соз жок!
Правда смахивает на клип Шохруха-Хато.
______________________________________
:) мдаа понимаю тя!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: