Жанр:Поп
00:03:44
58,64 Мб
Жүктөлгөн: 30-09-2010
Сөзү:Түмөнбай Байзаковдуку
Обону:Съездбек Искеналиевдики
Жүрөгүмдүн жарыгын,
Бир таарыныч бузабы?
Ынтымактын жалынын,
Ыксыз ушак сызабы?
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.
Кайырма:
Ширелишкен кош жүрөк,
Шарт бөлүнүп кетеби?
Биригишкен кош тилек,
Бири-биринен кечеби?
Элесиңди мен таппай,
Жер бетине мен батпай.
Көздөгөнгө мен жетпей,
Кол кармашып мен кетпей.
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.
Кайырма: