Дайыр Исмадияров "Түн чүрөгү"
04:37
4,24 Мб
Жүктөлгөн: 06-10-2010
Сөзү:Б. Борбиевдики
Обону:Б. Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(8 добуш)
Жамынып ай шооласын каректериң,
Үлбүрөп жаз гүлүнөн элестериң.
Тартылып коюу түндүн кучагына,
Татынам, тамшандырып,
Татынам, тамшандырып кайда кеттиң?

Кайырма:
Эй, түн чүрөгү, түн чүрөгү,
Мерезби ушунчалык кыздын жүрөгү?
Эй, түн чүрөгү, түн чүрөгү,
Айыпсыз сен деп сыздап,
Күнөөсүз сен деп сыздап,
Жигит жүрөгү.

Түн келет айсыз, бирок жылдыз жарык,
Дайныңды түндөн издейм суроо салып.
Оо, менин көрдүңөрбү чүрөгүмдү?
Бир келген жылдыздардай.
Кайрылгыс бакытымдай кетти кайып.

Кайырма:

Түнкү шаар сулуу тартып сени менен,
Ак жамгыр сырлуу тамып турган беле?
Өмүрдү караңгыга чулгап коюп,
Кай жерди жарык кылып.
Кай жерди жарык кылып,
Жүрдүң экен?

Комментарийлер (37)

06.10.2010. 12:19
 MaRmeLaDka
Мага ырдын кайырмасы жакты.Дайырдын ырларынын ичинен ушунусу, менимче, жакшы чыккан го.Бир аз үнү да ачылып калгандай. Музыкасы да сонун экен.
06.10.2010. 13:38
 Baku
Аракет кылыпсын!Ийгилик
06.10.2010. 17:54
 MIRDJAMELL
Мдаа Бек байкенин ырлары классикага айланат окшойт деп ойлойм....
07.10.2010. 02:44
 ainagul
jakshy
07.10.2010. 04:28
 Ritto
Jakwy yrdy yrdagandy bilbegenden kiyin, yrdabai ele koiuwbaiby !!!
07.10.2010. 09:46
 Lada
Бектин ырдаганына жеткен эмес. Үнү чыйылдап аран эле чыгыптыр. Эй бир жандуу жандуу ырдаса. Эй, тун чурогу тун чурогу деп бек ырдаганда ой эргийсин. А бул жигит ырдаганы 0
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо