Ырыскелди Осмонкулов "Ойлойсуңбу?"
Жанр:Поп
00:05:35
86,49 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2010


Сөзү:Г.Абдылдаеваныкы
Обону:А.Чикеевдики

Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?

Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?

Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай, же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?
  • Currently 5.00/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

26.10.2010. 10:03
 lira
Karakoldon tartylgan turbayby tasma!!!
26.10.2010. 11:08
 Мэри
Ырыскелди байке "Кызыл алмада" озу аралашып жургондой болуптур.Муну жанычыл (новатордук) коз караш, изденуу десе болот го...
Клип жакшы тартылган.
26.10.2010. 11:35
 Арина
Тасмада аткаруучунун аралашып жүргөнү көңүлдү бурат! Клип дагы, ыр дагы супер жана түбөлүктүү!
26.10.2010. 15:33
 janchar
jakshy korgon adamdaryn kudaiym janyna alyp alat eken eki kaarman ten arabyzda jok attin
26.10.2010. 15:35
 Шаиста Шатманова
Эски тасманы маанисине жараша колдонгон деп ушуну айтса болот. Режиссерго 5. Бирок Ырыскелди байкенин ырдаганын уккуң келет экен. Үнү жакшы угулбай калыптыр. Ушуну оңдоп коюшса жакшы болор беле?
26.10.2010. 16:09
 kevser
Suymonkul Chokmorov menen Tattybubu Tursunbaeva kyrgyz elinin zalkar talanttaryna taazim kylamyn. Klip menen yr uykashyp kalyptyr tim ele
27.10.2010. 02:50
 Aelina
Abdan soonun klip boluptur, ushuncha berilip, suktanip kordum, Tattibubu ejebiz en talanttu jana suluu ayim ele.
27.10.2010. 11:49
 Агата Кристи
Турсунбаеванын сулуулугу менен назиктиги айкалышып, укмуш образ жаралган ээ. А Чокморовдун да жапжаш кези экен. Ырдын маанисине жарашкан сонун клип болуптур. Ырыскелди байкеге рахмат. Дайым жанычыл клиптери менен бизди танкалтырат.
27.10.2010. 13:04
 bakel85
абдан жакшы
27.10.2010. 16:32
 Aslana
Кинодон саунтрек болуп жакшы клип болгон, бирок Ырыскелди байкем эзип жатам деп эле унун акырын чыгарып ырдаптыр. Укмуш созуп ырдаган го дегем, болбоду. Жудоп кеттим, жакшы ырдачу эле не болгон дейм да
28.10.2010. 00:11
 aziattita
отл только клип смотрел. да вот такие красавицы были бизде.
28.10.2010. 11:21
 KOLPOCH
Да... Жакшы жасалган!
Мыкты кератив.Изденүү деген ушул.
Таттыбүбү эжебиздей болгон сулуу кыздар абдан көп. Белгилерин сактап, зоболосун бийик алып жүрсө эле кыргыз жигиттери баалап алышмак. Тилеке каршы андай болбой жатат...
29.10.2010. 16:14
 Asecha
Мына, клип деген ушундай болуш керек! Залкарларыбыз жаратып кеткен улуу чыгармалар унутта калбай жаныча иштелип чыгып, клип болуп жаралып отурат. Бирок Таттыбуубу, Суймонкулдай атактуу инсандардын бул жарык дуйно менен эрте кош айтышканы абдан эле окундурот!!!
30.10.2010. 00:35
 temirlan
woow aibai tatunakai eken
01.11.2010. 01:28
 оштук
Мааниси дал келген сонун клип.Ыры аябай жагымдуу.
01.11.2010. 06:20
 raisa
Biz jarkyn jashoogo jaryk bergen asyl insandarybyzdy syilap ozgocho urmat korsotsok Tattybubu ejebizdei Suimonkul baikebizdei talant eeleri koboiup KYRGYZ elimdi duinogo jar salsa degen tilek AK JOL SIZGE YRYSKELDI baike!!!
01.11.2010. 15:53
 alga
эн жакшы! абдан жакты!
03.11.2010. 16:56
 damke
Old school рулит, New school учитесь.
04.11.2010. 15:01
 Nurzatka
молодец Ырыскелди байке!сиздин ырларыныз ,клиптерининиз дайыма идеалдуу!
06.11.2010. 16:19
 ide
Идея укмуш сонун болуптур.Классика!
07.11.2010. 02:14
 Romashka
keremet!
07.11.2010. 19:42
 OAN
Абдан сонун Азаматсыз соз жок
07.11.2010. 23:59
 Karamel
эмнеге союз убагында бут режиссерлор эн мыкты иш жазашкан? а актрелор андан да мыкты ойношкон? эн жакшы жашоо ошол союз убагында эле кайталангыс болуп кала бергендей сезилет. а азыр болсо кундон кунго элдер жеп жутар болуп баратышат
08.11.2010. 00:02
 Karamel
мен азыркы муундун кишисимин, бирок мага союз убагын же азыркы убакты тандап жаша десе, ойлонбой туруп союз убагын тандайт элем, жанымдай жакшы коргон уюлдук телефонсуз, интернетсиз деле))))))))))
09.11.2010. 21:13
 baby
соз жок . укмуш,браво
14.11.2010. 22:06
 aziku
Ыр менен клипп уйкалышып, жакшы тартылган. Жакшы!
19.11.2010. 21:23
 Aibengo
Клип мен үчүн аяабай чоң жаңылык болду. Эски менен жаңыны аралаштырып укмуш кылышыптыр. Бирок ырды Медербек Кадыршаев агабыз өзү эле сонун ырдачу. Ырыскелди акыркы жылдары жаңы чыгарма жаратпай эле эскини жаңыртып ырдап калды.
23.11.2010. 04:22
 Jazgulya
yr menen klip abdan sonun uikalywkan. sonun klip boluptur. Yryskeldi osmonkulovdun yrlary maaniluu. sonun!=)
29.11.2010. 17:03
 dina
ыр да, клип да супер!!! соз жок.
30.11.2010. 13:01
 arlekino
класс...супер...вот песня и клип...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: