КЕҢЕШ тобу "Мен сенсиз"
Жанр:Эстрада
00:04:59
80,76 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2009


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Кезигип өмүрдүн кемесинде,
Илинип махабат желесине.
Кыйнадың, ыйладым сага жетпей,
Тилинип жүрөгүм армандын сересине.
Байлады тагдырым дилибизди,
Багынтып бирибизге-бирибизди.
Бакыттын багына жетерибизде,
Ак сүйүү айрыды неге бизди?

Кайырма:

Жок, мен сенсиз жашай албайм
Жок, сүйүүмдү тана албайм.
Сен алыссың бирок, жаным,
Мен сага бара албайм.

Алыссың жете албай айлам кетет,
Күн түнү уктабай сени эстеп.
Тагдырым үзө албай сенден үмүттү,
Махабат бакчасы жемишин береби деп.
Сагынам ак жуумал элесиңди.
Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби?
Байласа бактыңды башка адамга,
Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби?

Кайырма:

  • Currently 4.67/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (44)

21.04.2009. 16:32
 sapsary
Азамат "Кенеш" тобу. Ыры динамичный, клиптин сценарий коп колдонулган.Бирок сонун бир жери менен тартып турат экен
22.04.2009. 10:59
 Mile
Кенеш тобундагы кызда озгоруу бар.стили Сайкалдын ""Кайдасын"клибине окшош экен.
22.04.2009. 11:02
 Mile
Клиптеги кыз суйкумдуу экен
22.04.2009. 11:08
 mik
Клип жакшы экен, ыры дагы жакшы.
22.04.2009. 11:31
 Кука
Мага да жакты,силерге ийгилик "Кенеш тобу"
клиптеги кыз да, бала да суйкумдуу экен.
22.04.2009. 12:22
 merlina
ыры эч жаккан жок!
22.04.2009. 17:01
 ИнА
клип сонун экен бирок ыр топ келбей калыптыр
22.04.2009. 18:50
 Fred
Мен бул клиптин рекламасын КТРден коруп жатам, Унуталбайм програмамсынан чыгып жатат.Ошол программанын саунд треги окшойт.
23.04.2009. 10:13
 leila
Клиптеги кыз эле жакты,ал Боз Салкындагы кыз окшойт.Бирок клип, ыры вообще жаккан жок кыз ырдай албай эле чайылдай берет экен.
23.04.2009. 10:48
 Русланчик
Клип анча эмес цвети эмдеген лажа!!! Жакшы ырды клип бузуп койгон!!!
25.04.2009. 15:17
 Fred
Русланчик:Аланайын негизи чымчыкты да касап сойгону онго дейм.Бул деген кандайдыр бир задумка болсо керек цвет.Мен айттымго бул саунд трек экен деп,ошондой болду кечээ кордум КТРден бул Унуталбайм программасында ушул клиптеги кыска историяны кенен кылып берди,азаматсынар Унуталбаймчылар.мага абдан жакты.
26.04.2009. 14:31
 Русланчик
___Fred___: Мен клипттин сюжетин айткан жакмун дубльдардын (ырчылардын) цветин айтып жатам! контраст менен насыщенность ото коп!!!
27.04.2009. 13:41
 erma
jakshyken bolot uksada korsoda kyzy jakty maga kaidan tapsam eken al kyzdy:)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: