Мирлан Баеков "Ата тилеги"
Жанр:Поп
00:04:48
75,44 Мб
Жүктөлгөн: 28-10-2010


Сөзү:Ж. Абдыраимовдуку
Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:
  • Currently 4.50/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (80)

28.10.2010. 15:32
 ayza
Sozu abdan jakti!Jakshi irlardi jarata ber!!!
28.10.2010. 19:45
 оштук
Клиптин сценарийи бул ырга такыр туура келбейт.Ызы- чуусу да угула берип тажатат экен.Ыр озу жакшы эле.
28.10.2010. 21:05
 Нукура кыргызка
жоролор айабай ызылдап койуптур,клипти жакшы тартышса болмок, Ыр жакшы экен...
28.10.2010. 21:51
 angelin Bema
оштук туура айтасыз клип ырга эч эле туура келбей калыптыр.Ырдын созундо ата кызын турмушка берип жатканы болсо,а клипте такыр эле башка корунуштор.
28.10.2010. 23:33
 Aelina
Yry maga dagi jakty, klip dele jaman emes eken, kulkunuchtuu kilayin deshse kerek, birok maanisi boyuncha tuura kelbey kaliptir! Yr "Ata tilegi" dep atalgani menen degi ele atasi korunboy ele uylono turgan balanin dayardangani menen ele yr butup kaldi go..Модератор түзөттү 04.11.2010 11:39
29.10.2010. 03:53
 Arstan
Ырдын тексти,музыкасы жакшы экен жакты,ал эми жогорудагы копчулукко кошулам,клип маанисине дал келбей калган,бир аз кайгылуу клип жаратсанар жакшы болмок,атасын бата берип кызын узатып атканын кошуп дегендей..Модератор түзөттү 04.11.2010 11:39
29.10.2010. 09:52
 МээримКа
Ырды угуп ыйлап жибердим...

Кимде ушул ыр бар? менин почтама жонотуп койгулачы, суранам.
meka_kmk@mail.ru
Чон рахамат!
29.10.2010. 12:51
 Barika
голосу аябай жакты,,,ырдын тексти дагы жакшы чыккан. Окунучтуусу клип дал келбей калыптыр.Модератор түзөттү 29.10.2010 08:29
29.10.2010. 15:32
 Tokmok
Kyzy menen atasyn tartsa bolmok, klip anchames eken. Yry jakdy... Iyigilik!!!
29.10.2010. 16:15
 Bad boy
Moderator kochuruugo mumkunundu ishtetchi tezireek suranich, rovniyken ir...
29.10.2010. 16:55
 ilgez
Ийгилик !!!!
29.10.2010. 16:58
 Арина
Жапжашынакай жана олуттуу ырга бекер эле сатираны кошушуптур! Жарашкандын ордуна клип менен ырдын мазасын качырып салышыптыр! :(
30.10.2010. 09:52
 bayash
bravo azamatsynar jorolor
30.10.2010. 20:47
 aminali
Sonun jakti maga wimdarin unutup koigonu,Mirbek imanbekovdun ununo okwop ketet eken.
30.10.2010. 23:46
 timika
ыры жакты бирок ызы чуу менен баарын бузуп таштаптыр!
31.10.2010. 20:57
 Baku
Клип кулкулуу экен! Ийгилик

1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: