Кенже Дүйшеева "Аял дебе"
Жанр:Поп
00:03:13
50,63 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2009


Сөзү:А.Кайназаровдуку
Обону:Г.Садыбакасованыкы

Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.

Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.

Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.

Кайырма:

Аял дебе, кылба аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

06.07.2009. 16:47
 jamka
Кенже эже, азаматсыз! Аял жонундо эн мыкты ырлардын - мыктысы!!!
06.07.2009. 16:48
 jamka
Кантип кочуробуз, эми? Аудиого кошсонуздар сонун болот эле!
08.07.2009. 01:37
 Ханбийке
Эн жакшы, аял затын даназалаган ырлар деле чыксынчы, жалан эле суйом куйом дебей.
23.07.2009. 19:43
 janulia
Baary super birok Saikal ekoo ele klip tartyp jyrgai bergeni kyjyryma tiyet Kalgan kyzdardy jetimdei kylbay el aldyna alyp chykkyla alar jalan toido yrdawat eken UIATTTTTTTTTTTTTTT Owon kadyrynar tuwup jatat!!!!!!!!!!!!!!
23.07.2009. 19:43
 janulia
Baary super birok Saikal ekoo ele klip tartyp jyrgai bergeni kyjyryma tiyet Kalgan kyzdardy jetimdei kylbay el aldyna alyp chykkyla alar jalan toido yrdawat eken UIATTTTTTTTTTTTTTT Owon kadyrynar tuwup jatat!!!!!!!!!!!!!!
23.07.2009. 19:48
 janulia
Ujass Gulwayir ejenin apasyna cheiyn klipte jurot Saikaldy dele oturguzup koibodunarby?Birok soonun yr eken
24.07.2009. 18:12
 akiykat
Аялдын ким экенин чыныг суроттогон
25.07.2009. 11:35
 Karamel
мен кыргызча жакшы эле билем, бирок создордун кобуно тушунгон жокмун.:-( а так вобщем в чем смысл поняла.
03.08.2009. 22:17
 alayflower
jakwi ir janan klip eken
10.08.2009. 15:27
 МАЛЫШ
Маанилуу ыр экен,эх аял зат.
14.08.2009. 21:55
 lira
Bul yrdyn omuru uzun bolooruna ishenem!!!
Antkeni Ayalzaty,Ene bar-bul yr dagy dayim o4postur!!!
19.08.2009. 12:42
 theBigTorpok
Супер Инфо - Абдан кызыктуу гезит дегени ле сонун е?
22.08.2009. 04:26
 Ayzat
Кенже азамат кыз. Баардык ырды мыкты аткарат. Клип да мыкты экен.
23.08.2009. 13:35
 Акжол
ЭЭЭЭ Бардыгы эле аял деп ырдай беришет!!! Кичине эркектер жонундо деле ырдашпайбы!!!
27.08.2009. 12:00
 dilara
Azamatsiz Kenje Eje!Kenje eje bul irda ayaldin uluulugun,ech nerse tendeshsiz ekendigin danazalap irdap,en akirki chegine jetkize irdap bergen!Ak jol sizge Kenje eje!!!
08.09.2009. 21:29
 AeCHka
Баарысы жакты, азаматтар!!! Озумду да ушул клиптен коргум келип кетти...
11.09.2009. 12:35
 Дастан
жакшы тартылган. бирок ырдынн маанисин жакшы тушуп ырдабаптыр.
18.09.2009. 14:34
 jazka
ayaldar ushintip ozybyzdy maktabasak...))
21.09.2009. 17:41
 almazi
а баса ырдын созу жакшы,,,жазылыптыр,,,
02.10.2009. 10:34
 janarbek
40 КА ЧЫГАЙЫН ДЕП КАЛСАНАР АЯЛ ДЕЙТ ДА. кАЙДАН БИЛСИН СИЛЕРДИН КЫЗ ЭКЕНИНЕРДИ
12.11.2009. 09:48
 asylaika
барган сайын Кенже эжебиздин авторитети которулуп баратат.Сонун ырларды элдин журогуно аябай сонун жеткирет.
03.12.2009. 03:36
 inessa
голос у нее нормальный,но вот все остальное... отстало..имидж, поведение
03.03.2010. 09:55
 elli
Что вы не говорили,Кенже эже лучше всех,она Супер!!!
03.03.2010. 09:57
 elli
Кенже эже лучше всех!!!,Молодец она.Песня отличная .
04.11.2010. 16:38
 shopa
Жанарбек!!! Уятын такыр жок эмне деген адамсын... Ушундай бир аялдын баркына жетсен дагы рахмат айтасын... Сенде карындаш эже жокпу? Идиот!
25.11.2010. 04:15
 chingiz
Abdan jagymduu, maaniluu yr eken,,, apamdy sagynyp aran jurgondo ugup alyp, apamdy katuu katuu ku4aktagym kelip ketti.....
02.04.2011. 11:47
 aikanet
эн жакшы ыр! аяабай таазим этем сиздин ырынызга
04.11.2011. 11:54
 dina
Позитив тартуулаган эн сонун ыр.
25.11.2012. 20:21
 guli_83
бар болунуз!ырларыныз мага абдан жагат маанилуу,уккулуктуу.
12.02.2013. 02:12
 katya
Ушул ырды кайра-кайра уккундан тажабайм.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: