АГК тобу "Сүйгөнүмө"
02:41
7,38 Мб
Жүктөлгөн: 14-02-2011

Казак ыры
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(32 добуш)
Сезимде ой калат,
Кылыгың татты экен.
Өзүңдөй адамды,
Кандай жан тапты экен?
Сендеги сымбатты,
Аймалап күн батты.
Сени эңсеп, ардагым,
Жүрөгүм үн катты.

Кайырма:
Жол боюна караймын,
Өткөн күндү санаймын.
Сагындым мен, ардагым,
Жалгыз сени каалаймын.

Сени издеп чарчадым,
Деңиздей ташыгып.
Сен болдуң арманым,
Аялуу асылым.
Көңүлүм тынч албай,
Жанымды кыйнадың.
Сүйүүнү үйрөндүм,
Бир өзүң аркылуу.

Кайырма:

Жазалбай жүрөмүн,
Кыйналган жанымды.
Муңканган жүрөгүм,
Мас болуп өзүңө.
Жел согот сен жактан,
Сүйүүнүн жалыны.
Сезилет сен өзүңдөн,
Сагыныч амалы.

Кайырма:

Комментарийлер (44)

18.02.2011. 20:15
 salidat8087
абдан жакшы ыр болгон созу дагы обону дагы топ келген,
18.02.2011. 20:17
 raim
Бул казакча ыр!которбой эле койсонор болмок.
19.02.2011. 00:44
 AiliN
созун кайдан тапса болот достор айтып койгулачы???
23.02.2011. 21:16
 kuttum seni
Азаматсынар!!! АГК Кыргызстандын мыкты тобу!!!!!Эки колдоп эки буттап колдоймун )) Ийгилик силерге!!
24.02.2011. 10:16
 alisam
Ушул кыздар омур бою эле которуп ырдай беришет окшойт. "Кз буракта" жургондо озбекчеден, казакчадан, туркочдон которуп эле ырдай беришчуу. Азыр деле ушул калыптары. Г. Садыбакасова менен ушул АКГ деген топтун айынан урушуп талашып, элге уят болушту эле. Ошого жараша которбой кыргыздын жакшы акын, обончулары менен иштешишпейби. Гулшайыр эже кулот да мындай котрулган ырларын угуп алып. Аа акыбалынар ушул эле турбайбы деп.
26.07.2013 17:06
opadcom
alisam, оной нерсе бат болот анан да бат эле баркы кетип калса керек. муну айтпасанда белгилуу да
27.02.2011. 00:46
 kuttum seni
Элдик ырларга кобуроок басым жасашса ШИКАРНО болмок!!!
01.03.2011. 21:00
 zonekg
аял ырдабай эле бала-чакасын эле багып олтурса жакшы болмок. Келечекте ырчы болом деген кыздарга кенешим кайткыла айланайындарым куйоонор эле жетишет го!!!
09.03.2011. 13:23
 glamour
Азаматтар! Мен силердин талантынарга чоооон баа берем! Сиздерден дагы жаны ырларды кутом!
14.03.2011. 18:50
 jamalenok
Гулшайыр эженин ичи бышып орттонуп давление болуп аткандыр АГКнын ырын уккан сайын))))))
26.03.2011. 04:20
 merim
АГК тобу силерди буткул кыргыз колдойт деп ишенем!!!Себеби унунор булбулдай,,ишинерге ийгилик каалайм!!!БААРЫНА уй булоолук бакыт,биз силер м-н сыймыктанабыз!!!
27.04.2011. 12:42
 bekush
бул эжелерибиз жакшы ырдашат сиздерге ийгилик!
Гулшайыр эже мн сый болуушунарды калайм ал жаман болсо да силерге жол корсоткон суу ичкен кудугунарга тукурбогуло.
12.07.2011. 16:48
 musulmano4ka
Ммммм сууупер просто супер!!!!
23.08.2011. 14:11
 Русланчик
мага абдан жакты ыр
02.10.2011. 22:57
 rai
Бир алам ушул ыр менен катуу ооруп жүрөт. Эртеӊ менен ойгонуп кечинде ушул ыр менен уктап... Ал бул ырдын мааниси менин ичимде болуп жаткан кусалык, сагынычка төп келет дейт, угуп мага да жагып турат, мен да угуп жатам, жакшы...
18.12.2011. 17:42
 Maxima
Ушул ыр менин суйгонумо арналып жазылган да...
11.03.2012. 15:14
 tolkunbek
агк силерге ийгилик дагы жакшы ырларды кутобуз
27.03.2012. 20:17
 анарбек
жакшыкен которбогулачы деги анан да Гулшайыр эженин эмгеги болсо керек бул болсо да
02.06.2012. 08:52
 Margo73
Журокту эзген ыр экен.Суйууго дем берген,ушундай ырларды укканда суйууну аябай барктайм.
30.06.2012. 16:42
 aybeq
мен ушул ыр менен жашайм
23.07.2012. 10:38
 dina
Ушул ырды коптон бери издеп журдум эле. Эн сонун ыр!
23.07.2012. 10:54
 oshshaaryy
бул ырды жаттап алып коп ырдаймын
21.11.2012. 11:41
 Krasnyi.kg
Сонун ыр жана маанилуу мага абдан жакты
02.12.2012. 12:18
 semirbedim
Кыз-Бурактан болунуп чыгып ырдаганбы? сонун ыр экен.
05.12.2012. 22:23
 nurbek.86
Жакшы ырдашкан эжекелер.
06.12.2012. 02:24
 emantekova
айжамалдын уну абдан жагат дайым ырларын ырдайм бек менен ырдаган аруула аппак кар деген ырды да жаттап алгам
12.05.2013. 08:57
 ajostal
Миллиард жолу молодцы!!! Журокко жеткирип ырдашыптыр.
24.05.2013. 21:27
 nurlan_101087
Жакшы жакшы
26.07.2013. 13:02
 opadcom
эн сонун ыр
03.03.2014. 09:51
 Remember_me
Орточо))
11.03.2016. 19:24
 munara.aidarova
"Озу боло албайт, болгонду коро албайт" деген макал да эскилерден калган, ырдай бергиле, силер башта эле жакшы ырдачуусунар дагы эле жакшы ырдап журосунор.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо