Эрлан Андашев "Сагындырба"
Жанр:Поп
00:03:26
51,06 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2011


Сөзү:Т. Эргешовдуку
Обону:Жанышбек Кочкоровдуку

Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.

Өткөн күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.

Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Сагындырба, сагынбайын.
  • Currently 4.52/5
(104 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (176)

05.05.2011. 14:35
 Eliza
Чындыгында маңкаланып калыптыр го
05.05.2011. 16:45
 Tokmok
uuuuuuuuuujjjjjjjjaaaaaaaasssssssss kylyp salyptyr. Jany yr yrdasa bolot, eski jakshy yrlardy jindi kylbai. Minus echnersesi jakkan jok...
05.05.2011. 19:19
 Juma5
орто эле;)
05.05.2011. 23:38
 MIRDJAMELL
"Азап 2" типа...Ильяз Абдразаков.Бирок Ильяз менен салыштыруу деле болбойт го.
05.05.2011. 23:43
 Maks73
Ийгилик каалайбыз Эрлан
Модератор MiranA түзөттү 06.05.2011 03:12
06.05.2011. 01:48
 salimacool
Krasavchik!!!kr-vostok =)
06.05.2011. 02:16
 Aidanek
ңңңңңңңңңңңңңңңң деп калыптырго
06.05.2011. 03:44
 aminali
Сонун, сонун да тим эле бийлегиң эле келет.Иностранец кыргызча ырдап жаткандай эле сезилип жатты.
06.05.2011. 09:13
 ХАНЗАДА
Эрландын уну анча мынча мурунга салып ырдаган ырчымын дегенге караганда кучтуу. Ийгилик!
06.05.2011. 10:26
 fantom
Эски ыр ырдасан мына ушинтип ырда жаны стилге салып. ошондо элге жагышы мумкун. Азамат Эрлан ырды жакшы ырдап чыккансын, жаны стиль менен!!! Бирок экранды кененирээк эле кылсан болмок. Соткадан коргондой эле болуп калдым.
06.05.2011. 12:11
 kinostan
ooo ushul irdin klibin abdan kopton beri kutkom!
sonun boluptur
bizdin klipterge karaganda tuboluk oido
bashkacha stilde ekan
emi Erlandin ununo kep jok da
irdap jatkanda oruscha aitkanda degendei
azamatsin
iygilik
06.05.2011. 12:25
 kurultay
+5!
таза, тыкан клип болуптур.
клиптин идеясын тушунбой эле баарынар чарылдай бересинерби. клиптин артындагы колоко клиптин идеясы экен
эрлан эркек!
06.05.2011. 13:16
 Mekusya1
Сонун ырды ушинтип бузбай эле койсо болмок.Озунчо эле Мирбек Атабековду туурап алыптыр,мягко говоря жылдызы жок экен, кебетесин копко карасан жинин келип кетет экен.
06.05.2011. 15:50
 kumtel
ыры да, клиби да жакты!
Эрлан бул жерде коро албагандардын жазгандарына маани бербе, иштей бер.сен таланттуусун.Бироону сындаганды кыйын билебиз бирок, колубуздан эч теке келбейт.
06.05.2011. 15:53
 ZAG
Firmennuy klip boluptur! Kiz ayabay suluu eken!!! Kumtel tuura aytasyz, kolunan kokon tiken kelbeyt! Byljyrap jaza beret
06.05.2011. 15:54
 Jannet
Ushul klipti ayabay kutkom ele!!! Ty krasavchik ERLAN.... I LOVE YOU
06.05.2011. 21:30
 SOLITARY
Бул ырды мен кичинекей кезде эжелерибиз жакшынакай ырдаганы азыркы учурга чейин эсинде эле. Бирок Эрлан ырдын коркун аябай бузуп салган экен.Тим эле койсо абдан жакшы болмок. Жаны, жаны чыгармаларды жаратышпайбы.Кийин биз кандай ырларды ырдайт болду экенбиз.Мурдубуз менен конуратып салабыз го ээ замандаш?!Кайгылу((
06.05.2011. 22:09
 milli
Yrdy kundo bir maal ukpasam tynch albaym, birok klipte Erlan bayke tundo tushumo kirgen vampirge okshoshup kalyptyr. Klipti korboy ele barybir yrdy kundo 5 maal uga berem.
06.05.2011. 23:35
 Azados
06-05-2011 15:53 ZAG
Firmennuy klip boluptur! Kiz ayabay suluu eken!!! Kumtel tuura aytasyz, kolunan kokon tiken kelbeyt! Byljyrap jaza beret
ZAG бул жерде эч ким былжыраган жок, сенден башка. Жакса жагат де, жакпаса жакпайт де. Эрлан болсо эски ырларды бузбай, башка ырларды маңка болуп ырдай берсин.
08.07.2011 00:30
ramzan1234
Azados,
сиз же Эрланды жаман коргон досу же дагы бирдемесиз.... тан калышту жакпаса корбой да, укпай да кой да.. кызык...
07.05.2011. 10:30
 363738
Милли, Полнолуние. Сага. деген кинодогу каармандын озу болуп калыптыр го!!! Мага аябай жакты! Элди укпай чыгармачылыкты уланта бер, Эрлан!!!
07.05.2011. 10:33
 ZAG
Azados, негизи эле кыргызда коро албастык бар да! Озу жасабайт жана жасагандарга бут тозот! Колдон келсе ырдап ал! Анан сага да комментарий жасабыз!
09.05.2011. 11:05
 didi
мыкты...кызы да жарашыптыр, ырды да жакшы аткарган...клип жакты, жакшыны жакшы деш керек...ийгилик каалайм!
09.05.2011. 13:01
 Kirkorov
Super hit!!!!
09.05.2011. 20:54
 Kiza
СУПЕР!!! Бул ыр менин ЖАШООМ!!! Азаматсын Эрлан, сен бул ырга чыныгы жашоосун бердин!!! Мен ушул ырды кунуго 10-20.... жолу угам, жана тажабайм! Именно Эрладнын аткаруусунда! ИЙГИЛИК САГА, Уйбулолук бакыт!
09.05.2011. 23:56
 Letty
Уну озгочо ырчы экен! Атабековдон да кучтуу! Азамат! Сонун экен! Коро албастар, тушунбогондор ар нерсе дей беришет! Сонун ырдаптыр, мага жакты Ийгилик сизге!
10.05.2011. 08:38
 Kaibek
Letty, койсон ай. Атабековдон кучтуу эмес. Атабековдун пародиясы болуп калыптыр го. Ушул ырды ушундай аранжировка менен Атабеков ырдаганда супер хит болмок. Бул ыр озу копчулуктун журогунон тунок тапкан жакшы эски ырлардын бири да.
08.07.2011 00:31
ramzan1234
Kaibek,
сиз кимдин пародиясы болдунуз экен....
а сиз эч кимдин пародиясына да жарабасаныз керек....
10.05.2011. 09:44
 Jannet
Мисалы, мага милашка Атабеков дагы жакпайт! Андан кору Эрлан сонун ырдайт! Эрлан биз сени жакшы коробуз!!!Модератор MiranA түзөттү 10.05.2011 04:06
10.05.2011. 11:41
 Letty
Kaibek мени койдурбай эле койчу! Эч кандай пародия эмес эле! Бизди сындаганга эле койсо!Сонун эле позитивдуу ырдаптыр.
08.07.2011 00:32
ramzan1234
Letty,
толук кошулам сага...
10.05.2011. 13:43
 Mekusya1
Ошондой эле шумдук ырчы дейсинер,анда эмнеге озу жаны ыр чыгарып ырдабайт. Эч ким аны жамандаган жок, просто и так эле популярдуу ырды ырдап алып эле кыйын боло берген деле туура эмес, тем более аны бузуп салган. Анан да кебетеси жакпаса жакпайт дейм да, анан эмне ой красавчик дей бермек беле корунуп турса дэле...
08.07.2011 00:33
ramzan1234
Mekusya1,
жакпса жакпайт, де да кайра кайрабул жакка кирип ар кимдин оюн бузба, мага лично жагат и все....
10.05.2011. 13:45
 Mekusya1
Бул жерде эч кандай коро албастык жок! анткени ар ким оз ойун айтат, критиканы дагы достойно принимайтетиш керек. Аны коро албагыдай ал ким болуп кетиптир ...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: