Эрлан Андашев "Сагындырба"
Жанр:Поп
00:03:26
51,06 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2011


Сөзү:Т. Эргешовдуку
Обону:Жанышбек Кочкоровдуку

Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.

Өткөн күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.

Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Сагындырба, сагынбайын.
  • Currently 4.52/5
(104 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (176)

05.05.2011. 12:03
 ketsin
ой экран кантет? Бул клиптердин экраны күндөн күнгө кичирейип баратат. Жакында кара эле экрандагы ырды угуп клип деп көрүп калабыз го бул нук менен!!!
21.07.2011 23:52
azik1985
ketsin, козунду чон ачып кор да
05.05.2011. 12:17
 akiykat
супер клип болуптур!

биздин азыркы клиптерге салыштырмалуу мыкты экен.

ыр сонун!
клип сонун!
+5!
азаматсын!
Эрлан!
05.05.2011. 12:58
 gujunpo
гитарада ойногон жери жакты!
05.05.2011. 13:48
 Azados
Клип жакшы. Бирок Эрландын үнү чыкпай калган го музыкадан.Үнүн үйүндө унутуп калса керек.Анан маңкаланып ырдаган бул эмне жаңы стильби? :))
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: