Тата Улан "Карындаш"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2009
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(28 добуш)
Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.

Комментарийлер (79)

01.07.2009. 17:46
 chon kyz
jakshy yr eken!!! sozdoru sooonun!!! kee bir kyzdarga sabak bolot dep umuttonom!!!
02.07.2009. 11:33
 timoshek
Maga oto jakty, kyzyk KGde kanday bolup katty eken? modaby je moda emespi degenim?
02.07.2009. 12:03
 ryzhak
Дагы деле угуп жыргайм... Музыкасы журокко жетсе, создору аны козгоп кетип жатат.
02.07.2009. 12:04
 esperansa
Administrator..kouruugo mumkun kylyp kounuzchu..suranych...ili u kogo est eta pesnya?zaranee rahmat:)
02.07.2009. 15:30
 Эркин
Абдан жакшы ыр экен, эми бул ырга клип тартыныз.
03.07.2009. 00:24
 KYRGYZ KULunu
Азаматсын чыныгы турмуш. Неге кыздар ушундай адамдарга алданып, кор болушат? Ал эми жакшылыкты каалаган чыныгы КЫРГЫЗ жигиттеринен кчышат. Окунучтуу!!!! Эмнеге, эмнеге кыздар озулорунун абийирин сакташпайт? Ал балдар нары жакты ойлобой эле кыздарды колдонушат, озунун бир тууганын ошондой кылса кандай болот ойлонбойт.
04.07.2009. 08:44
 timoshek
maga bul jashoodo baary bolot kapa bolbo karyndash.... degen jeri jakty,
04.07.2009. 14:11
 alga
карасан кобунчосу эркектер комментарий берип атыптыр. кыздарга катуу тийип атат ко.
мисалы чынында, озгочо ошондой абалга туш болгон кыздар ушул ырды укса кандай сезимге келет болду екен? апасынын созун эстеп, элестетип, козунон жашы молт этип кетсе керек... эххх, турмуш турмушшшш
04.07.2009. 19:09
 ryzhak
"Кап" этпесен угуп койчу оло сонун музыка...
06.07.2009. 20:48
 esperansa
супер супер Ийгилик сага Тата Улан....
08.07.2009. 01:17
 Ханбийке
Мааниси жакшы экен.
08.07.2009. 21:25
 ryzhak
Эу УРИ! Эмне, сага баары бирби, кыздарыбыз учун, ыя?!
09.07.2009. 13:51
 Бекнур Кыргыз
укса болот
11.07.2009. 19:43
 salamoi
super yr..
14.07.2009. 04:11
 Scofield
AZAMAT TATA ULAN, talantyn orkundop oso bersin,
bashka yrchylardyn sandap chygargan yrlaryna karaganda senin bir yryndyn maanisi jagynan sapaty bir kiyla oydo, kyzdar yrdy ugat dep ele uga berbey, maanisine baa bersener, silerge sabak bolo turgan yr eken !!!
14.07.2009. 04:12
 Scofield
BEST ONE !!!
14.07.2009. 04:15
 Scofield
THE BEST ONE I have ever HEARD !!!
Maanisi abdan sonun eken !!!
23.07.2009. 03:19
 rosh
OK.
23.07.2009. 09:23
 kanyshay
Жакшы ыр! Бир гана супер деген баа берилет!
08.08.2009. 09:56
 Мелисбек
Азамат Тата Улан. Ушундай ырларды дагы коп-коп чыгара бер. Ушул ырынды угуп адашкандар оз жолуна тушор. Жылдын мыкты ыры наамын ыйгарса болчуудай. Бирок кайдан, чуркасан аласын, чуркабасан албайсын азыркы заманда. Заман ушундай. Акыры бир кун келээр тактык ошондо аларсын.Аззамааааааааааттттттттттттт!!!!!!!!!
10.08.2009. 16:17
 step
Ырын го уктук абдан жакшы экен бирок бетин качан коробуз
11.08.2009. 03:26
 uke
жон эле чачыптыр го
14.08.2009. 02:16
 zxc
От души ыр экен, жаш кетти.
17.08.2009. 13:51
 Атасынын баласы
Чындыкка абдан жакын...
26.08.2009. 13:43
 ero prarab
Тата Улан чыныгы патриот ушундай ырчылар коп болсо!!!
27.08.2009. 10:42
 Шаиста Шатманова
Ушул ырга клип тартса... Абдан таасирдуу создор, ыргак, ага тарбия беруучу клип кошулса, супер болору анык. Ийгилик сага, Улан!
23.09.2009. 09:57
 Шаиста Шатманова
Не деген создор... Менде да бар карындашым, ага жаман каалабайм... Уландын фанаты болот окшойм. Ырдын текстин озу жазат болду бекен?
01.10.2009. 22:32
 Женижок
Молотчик Улан
02.10.2009. 10:38
 janarbek
ЫР-5
YН-5
РИТМ-5
МААНИ-5
МАСКА-0
13.10.2009. 13:39
 SOLITARY
Улан байкебиз маскасын чечип, чыныгы Кыргыздын жигити катары ушундай эн сонун, жан-дуйнону кейиткен, турмуштан алынган чыгармаларын ырдаса болмок..Аттин, ушул сиздин масканыз эле бузат да...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо