Тата Улан "Карындаш"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2009
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(28 добуш)
Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.

Комментарийлер (79)

25.06.2009. 16:56
 Tinergy
Жаштардын женил ойлору тууралу жакшы ыр экен! Кайран жаштар мына ушинтип жакшы эле силерге чондо насаатарын башынан откондорун айтып жатышса болбой эле жаман жолго тушо бересинер, катанын артынан ката! Туура жол менен жургулочу, силер биздин келечек!
25.06.2009. 17:50
 Дюймовочка
Жакшы ыр экен!!! Сенин ырларынын баары эле жакшы озу!!! Алга +5
25.06.2009. 18:00
 Кыргызкритик
Супер турмуштук ыр экен!

Урматтуу администраторлор, ушул ырды кочуруп алсам абдан чон ыраазычылыкка ээ болосуздар!
25.06.2009. 19:05
 amantur
Кочурууго мумкун кылып койсонуздар жакшы болмок
25.06.2009. 19:33
 esperansa
suppper yr eken..molodev tata Ulan;)
25.06.2009. 22:09
 BIZNESSMAN
$$$$---TATA ULAN BARAKELDE,YRLARYN BAARY MAANISI M-N,4YNYGY PATRIOTSUN. U6UNDAI JOLDON 4YKPAi ELE JURO BER!!!!!!!!!!
26.06.2009. 14:12
 Абайла
МОЛОДЕЦ!!!кыргызда сендей жигиттер бар экенине шугур.ийгилик сага ТАТА УЛАН!
26.06.2009. 22:36
 timoshek
molodchik...
men oto kop jolu ugup koidum...!!!
26.06.2009. 23:50
 adiku
Аябай жакшы болуптур мага дагы жакты ! Азамат Тата Улан
27.06.2009. 09:17
 Адыл
+5
27.06.2009. 09:18
 Адыл
+5
27.06.2009. 12:31
 erma
super!!!!!!!!!!!!! 5555555
27.06.2009. 21:05
 ryzhak
Сыйлайм, да! Азаматсын Улан байке! Алла ыраазы болсун.
27.06.2009. 21:05
 ryzhak
Кочурууго мумкунчулук тузуп бере аласынарбы?
27.06.2009. 21:38
 ryzhak
Жетимиш беш жолу уктум, тажабайт экенмин мындай ырлардан! Рахмат!
28.06.2009. 18:54
 Айдарбеков
Азаматсын Тата Улан, ырын аябай маанилуу жана уккулутуу болуптур. Урматтуу Суперчилер ушул ырды "кочуруу мумкун" кылып койгулачы, сураныч.
Ийгилик сага ТАТА УЛАН.
29.06.2009. 15:21
 Aidin
Бедные девушки... жалко их.
30.06.2009. 15:24
 romantik
Tata Ulan Molodchik,krasavchik Kyrgyzstanda kyrgyzcha repke revolyusia kylgan ushul jigit boldu go deim.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо