Омар "Энекем"
Жанр:Поп
00:03:05
62,38 Мб
Жүктөлгөн: 23-05-2011


Сөзү:А. Өмүркановдуку
Обону:А. Керимбаевдики

Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешкис берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.

Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.

Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.

Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.
  • Currently 4.65/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (77)

23.05.2011. 17:41
 Baku
Азаматсын Омар
23.05.2011. 17:41
 Nura
Эн сонун ыр жана клип, ИЙГИЛИК сага ОМАР сен азаматсын!!
23.05.2011. 17:44
 Nura
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым. кандай гана таасирдуу создор!! Ар дайым биздин алтындай апаларыбыз бар болушсун, алар бактылуу болсо, алардын балдары ар убак бактылуу да!!.
23.05.2011. 18:42
 АйАй
мага бул ыр абдан жагат!1
23.05.2011. 22:10
 mikasik
Абдан керемет ыр!!!Омар-эркек!!))))
23.05.2011. 23:50
 kitty
ehh lapo4ka on takoi mujestvennyi o4en' senu ego talant i obojau egooo Lapo4ka
24.05.2011. 05:58
 gulnura
Azamarsiz,Omar Bayke. Klip sonun boluptur. Yrdyn maanisi da abdan teren. Eneleribiz ar dayim baktibizga bar boluwsun. Apamdi abdan sagyndym. Ushul yrty uksam altin apama bolgon jiluu sezimder oygonot.En sonun tartiliptir klip,roldu da jakshy atkargansiz,Omar bayke.Iygilik sizge.
24.05.2011. 16:41
 smile
men dagy uigo bargim kelipatat
24.05.2011. 18:29
 Gumaw
Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.(((((((((((( мен дагы Апамды сагындым. Азаматсын Омар, бар бол онорун оссун!!!
24.05.2011. 18:41
 Gulnisa
Омар сенин ырларын мага абдан жагат. Апаларыбыз ар дайым бар болушсунчу!!!
25.05.2011. 07:18
 japarova
апалар баласы бактылуу болгондо гана тынышат!ошондуктан ушул дуйнодо апаларыбыз учун бактылуу болууга,орубаганга аракет кылалы достор..бала орууса,эне эки эсе оруйт!! мен да апамды сагындым((( Омар азаматсын,сага ийгилик!
25.05.2011. 08:56
 Miraida93
Омар чындыгында эле таланттуу жигит!!! Голосуна соз жок СУПЕР!!! Клип да эн сонун!!! Вперед ОМАР только вперед!!!
25.05.2011. 10:59
 elmana
Азаматсын Омар, сага ийгилик. Ар дайым кыргыз элин кубандырып гана журо беришине чын журоктон тилектешмин. Бар бол!
25.05.2011. 15:45
 Janusia
Омар кыргыз сыймыктанчу жигит. Азамат, ийгилик сага.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: