Дайыр Исмадияров "Кайдасың?"
Жанр:Поп
00:03:22
52,61 Мб
Жүктөлгөн: 30-05-2011


Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эрлан Андашевдики

Сезим оту дүйнө каптады,
Жүрөгүмө эч ким жакпады.
Мага дагы буйруган жан бар, азыр таппадым...
Сүйгүм келет мен да бирөөнү,
Ал да мени күтүп жүрөбү?
Кыялданып издеп сүйүүсүн, сезип жүрөгү...

Кайырма:

Кайдасың, сүйүү, кайдасың?
Мени да сезим арбасын.
Жүрөгүмдү сага арнайын мен,
Каптасын жалын, кайдасың, жаным?


Жалгыздыктын тарттым азабын,
Издейм мен да сүйүү тазасын,
Тандай берген табитим менин, алды жазасын...
Ыксыз жүрөк канчасын чанды?
Куйкалады кусалык жанды.
Суусап турам сүйүү балына, куткарчу барбы?

Кайырма:
  • Currently 3.98/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

30.05.2011. 16:19
 felice
Кудурет Тайчабаровдон интервью алып көргүлөчү!!! ким ал,не болгон адам
30.05.2011. 16:42
 Wonderfullgirl
мага жакпады .
30.05.2011. 16:49
 honey
Мага дагы жаккан жок.
30.05.2011. 16:57
 Адам
M. Satkymbayevге клип тарттырып калышыптыр го баардыгы эле ёё..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: