Эркин, Mr. Баха "Звездамын"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:09
74,29 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2011


Сөзү:Эркин Эгенбердиевдики
Саламатсызбы, ырчы байке?

Бул супер-газета "Таха",

Мен журналист - мистер Баха.

Жолуксам деген тилегим да,

Мен сизди жакшы билемин.

Элге жаңылык жиберген бизбиз,

Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,

Деги кимсиз?!

Анда эмесе, микрофон сизде:



Саламатчылык!

Атым Альпак, псевдонимим Альберт.

Ой-ой, мен "звездамын",

Тиякта-биякта концерт.

Стилим бушлат, концертим аншлаг.

Дагы эмне десем?

Ары бардым, бери бардым,

Бүт каздым, таппадым.

Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,

Продюсерим жүгүрүп жатат,

Баарын бүтүрүп жатат,

А мен күтүп жатам.



Хей, мени жазгыла, тарткыла,

Газета-журналдарды ачкыла.

Чоң жаңылык болдум!

Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.



Аха, рахмат, жакшы!

Айтыңызчы, Альпак байке,

Көппү, күйөрмандарыңыз,

Жана дагы кандай, үй-бүлөлүк абалыңыз?

Кана, кантип, кандай болуп,

Чыгат сиздин ырларыңыз?

Буга кандай кабарыңыз?



Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,

Күйөрмандар Кудайга шүгүр.

"Голосум" - бас, тенор, альт-альт,

Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.

Мен шайыр бала, шайдоотмун,

Азырынча бойдокмун.

Ырларымды кандай кылам, кантем,

Мына силерден жашырып нетемин?

Карап көрөм барактардан,

Сураштырам туш-туш тараптардан.

Бербей койсо тараптар,

Бар го, бизде, Кудай берген казактар.

Мен алдыга баратам,

Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.



Чиркин, мына, кызыктар, Жаңылык бар, кыргыздар.

Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.

Рахмат, сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?

Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?



Рахмат, супер-газета "Таха", Бар бол, мистер Баха!

Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,

Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.

Адам болуш аста-аста, "звезда" болуш бир паста,

Жалкоолукту коёлу, эмгекчил адам бололу.

Келип тургула, мен концерт койгондо,

Чакырып тургула тойлор болгондо.



Чын эле ыр тамаша,

Бар экен чындыгына жараша.

Ырчы деген кызык ойду жаратат,

Ырчы деген баркы кетип баратат.

Да-а, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,

Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.

Азыр сен жанып турган жылдызсың,

Анан сен күйүп турган жарыксың,

Бара-бара түтөп турган чыраксың.

Эй, төбөң жетип турса да булутка,

Артыңды кара, ким экениң унутпа!

Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,

Дагы көп ырчылар калды тарыхта.

Ырлары шедевр болуп келе берет,

Ырдалып эл оозунда кала берет.

Демге күч, күчкө кубат бере берет.



Ырдагыла, ырдагыла катыра,

Ооба, бизде "звездалар" толтура.

Бар арасында жакшылар,

Элдин сыйын таптыңар.

Бул силердин бактыңар,

Көтөрүлсүн баркыңар.

Алыска кетсин даңкыңар,

Ырларың сенин ар кандай,

Ырда кыймыл алгандай.

Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.

Бир саат эле жылдызсың,

Жарым сааттан кийин жарыксың,

Беш мүнөттөн кийин чыраксың,

Андан кийин түтүнсүң. Бүттү!
  • Currently 4.52/5
(54 добуш)

Комментарийлер (116)

16.07.2011. 06:48
 askich-
Озгочо со-онун ыр! +5
16.07.2011. 21:15
 Programmer
Супер молодчик
17.07.2011. 18:37
 zhenya
суупер просто слов нету!!!
17.07.2011. 23:51
 dindilin89
аябай мыкты ыр экен! Эн жакшы деген баа коет элем ушул ырга. Молодцы!
22.07.2011. 10:07
 smallka
Азаматсын азыркы кундун чындыгын жазыпсын
29.07.2011. 11:20
 Rimm
Молодцы! +10000000000000000
30.07.2011. 14:16
 aizat85
молодцы просто суппер!!!мне очень понравилось!!
05.08.2011. 00:51
 Mirzhan
Jigitter, en sonun boluptur!!! Teren taazim, abdan jakty!!! Tarbi9 taalimdik maanisi kenen achypsynar!!! Dagy alban-alban ijgilik!!!
09.08.2011. 23:09
 umka506
52 сек мага башкача угулдубу же...
10.08.2011. 10:03
 altynkamikola
бумм..го
14.08.2011. 23:22
 bakyt.tykab
Rahmat, SuPeR-GaZeTa "TAHA", Bar boL, MisTer BAHA, jana DerSKiy ERKIN!!!
17.08.2011. 18:18
 KG_sTaN_eS
Ооба "прикольный" ыр болуптур, Азамат
23.08.2011. 12:35
 kubatbekabdaliev
жакшы екен.... бир ыр ырдап чыккандарга хехех
01.09.2011. 02:29
 aziattita
во во красавчегтер мына эми окшошуптур
01.09.2011. 13:47
 maksnarin
molodchik erkin zamandashim, tantik irchilardin attarinan 1-2ni koshup koyson bolmok eken
06.09.2011. 10:19
 Pakal
Жазат десе эле тантырай беришеби? Создору аан эле болсун. Чала киргиздер десе
07.09.2011. 12:00
 lira
"Atyn 4ykpasa jer ortto"-degenderdin kataryna koshom...Jakkan jok
27.09.2011 05:12
J.T.
lira, emnesi jakkan jok
07.09.2011. 12:33
 Pakal
Таптакыр начар деген баа койсо болбойбу? Бул начардан да начар да. Кайран кыргыз создору кор болгон. же "Кетсин!" деген баа коюп койгулачы кетирип ийели хит параддан
07.09.2011. 13:22
 Essen
азаматтар ушул сыяктуу сатира мн дагы оз оюнду эркин билдируу эн сонун жана туура жол)))создорунун мааниси бар.албетте бул ырды жылмааю менен угуш керек жана видео роликти жалдырап кулуп кооруш керек
07.09.2011. 18:17
 Agusha
мыкты ыр клип дагы жайында мына ушул сыйактуу ырлар жаратып тургула
10.09.2011. 12:35
 khlebov
Эркин азаматсын.Звездасынго укмуш.Негизи сонун актерсун.Сен чырак да болбо,сен тутун да болбо кокуй.Сен жон эле мыкты актер,чыныгы адам бол.
13.09.2011. 13:25
 snejinka
мааниси жакшы ыр экен, ырас ырчыларыбызга тийишкен экен.
14.09.2011. 21:51
 salidat8087
Баха, Эркин супер ыр какшыктап жакшы ырдаган азыркы жон эле звездамын дегендер чырактай эле очкуло.
15.09.2011. 17:52
 ilyamyrza
prosto molodec.. soz jok bratsy
16.09.2011. 17:55
 NUR-KYZ
тамашалуу абдан сонун тартылыптыр супер
17.09.2011. 13:23
 NUR-KYZ
боооорду эзген клип экен, кайра кайра коруп алып кулуп атам
17.09.2011. 18:31
 mister sultan
Супер, а главное креативно...
18.09.2011. 06:24
 mis.Lakomka
круто молоцы БАХАны кордум наконецто
24.09.2011. 13:25
 baykush
оригинальный болуптур
27.09.2011. 12:05
 Azhymaliev
Ущул кантип ыр болсун,айла жок да,ары карап ыйлайсын да бери карап кулосун!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: