Эркин, Mr. Баха "Звездамын"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:09
74,29 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2011


Сөзү:Эркин Эгенбердиевдики
Саламатсызбы, ырчы байке?

Бул супер-газета "Таха",

Мен журналист - мистер Баха.

Жолуксам деген тилегим да,

Мен сизди жакшы билемин.

Элге жаңылык жиберген бизбиз,

Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,

Деги кимсиз?!

Анда эмесе, микрофон сизде:



Саламатчылык!

Атым Альпак, псевдонимим Альберт.

Ой-ой, мен "звездамын",

Тиякта-биякта концерт.

Стилим бушлат, концертим аншлаг.

Дагы эмне десем?

Ары бардым, бери бардым,

Бүт каздым, таппадым.

Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,

Продюсерим жүгүрүп жатат,

Баарын бүтүрүп жатат,

А мен күтүп жатам.



Хей, мени жазгыла, тарткыла,

Газета-журналдарды ачкыла.

Чоң жаңылык болдум!

Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.



Аха, рахмат, жакшы!

Айтыңызчы, Альпак байке,

Көппү, күйөрмандарыңыз,

Жана дагы кандай, үй-бүлөлүк абалыңыз?

Кана, кантип, кандай болуп,

Чыгат сиздин ырларыңыз?

Буга кандай кабарыңыз?



Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,

Күйөрмандар Кудайга шүгүр.

"Голосум" - бас, тенор, альт-альт,

Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.

Мен шайыр бала, шайдоотмун,

Азырынча бойдокмун.

Ырларымды кандай кылам, кантем,

Мына силерден жашырып нетемин?

Карап көрөм барактардан,

Сураштырам туш-туш тараптардан.

Бербей койсо тараптар,

Бар го, бизде, Кудай берген казактар.

Мен алдыга баратам,

Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.



Чиркин, мына, кызыктар, Жаңылык бар, кыргыздар.

Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.

Рахмат, сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?

Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?



Рахмат, супер-газета "Таха", Бар бол, мистер Баха!

Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,

Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.

Адам болуш аста-аста, "звезда" болуш бир паста,

Жалкоолукту коёлу, эмгекчил адам бололу.

Келип тургула, мен концерт койгондо,

Чакырып тургула тойлор болгондо.



Чын эле ыр тамаша,

Бар экен чындыгына жараша.

Ырчы деген кызык ойду жаратат,

Ырчы деген баркы кетип баратат.

Да-а, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,

Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.

Азыр сен жанып турган жылдызсың,

Анан сен күйүп турган жарыксың,

Бара-бара түтөп турган чыраксың.

Эй, төбөң жетип турса да булутка,

Артыңды кара, ким экениң унутпа!

Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,

Дагы көп ырчылар калды тарыхта.

Ырлары шедевр болуп келе берет,

Ырдалып эл оозунда кала берет.

Демге күч, күчкө кубат бере берет.



Ырдагыла, ырдагыла катыра,

Ооба, бизде "звездалар" толтура.

Бар арасында жакшылар,

Элдин сыйын таптыңар.

Бул силердин бактыңар,

Көтөрүлсүн баркыңар.

Алыска кетсин даңкыңар,

Ырларың сенин ар кандай,

Ырда кыймыл алгандай.

Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.

Бир саат эле жылдызсың,

Жарым сааттан кийин жарыксың,

Беш мүнөттөн кийин чыраксың,

Андан кийин түтүнсүң. Бүттү!
  • Currently 4.52/5
(54 добуш)

Комментарийлер (116)

14.06.2011. 16:37
 Demon
точкага тийишиптир, азаматсынар ...
14.06.2011. 16:50
 das
супер супер супер супер супер супер супер супер супер супер супер супер супер суперсуперсупер
14.06.2011. 19:39
 Aydashka
Адам болуу аста-аста,звезда болуу бир паста дегени жакты.
16.06.2011 18:16
aydin
Мени дагы ушул создору абдан кулдурду! =))
14.06.2011. 21:47
 baarinbilem
бул дагы кайсы обу жок болуп кетти
14.06.2011. 22:20
 ulaAjidar
жакшы эле.......
14.06.2011. 23:13
 cosmopolit
АААзаматтар.....
16.06.2011. 12:04
 kizil
he he soonun eken!!! ozgocho mikrafondor penaplass menen jazalgan jana skoch menen chaptalgan ;)
16.06.2011. 12:17
 Nurzatka
Азаматсынар азыркы озун звезда сезип алган ырчыларыбызга жакшы сабак экен!
16.06.2011. 17:55
 elkaelka
woahahah,a tak super,molodcy!
16.06.2011. 21:30
 Kanubek
Мага жакты супер алга тизенерди этят кылгыла сыйрып албагыла
17.06.2011. 20:33
 merikeit
сонун экен оозум аачылып калды кыргызда да ушундай барбы деп тан калдым жигиттер азаматсынар...сиздер менин эн жакшы коргон ырчым болуп калдынар...
19.06.2011. 14:42
 777
Мааниси менен дооруп тыштапсын
19.06.2011. 16:51
 sabit2012
bul kelesoobu
05.07.2011 01:24
REKETIR
sabit2012, кайдагы келесо булар супер жылдыз
24.06.2011. 11:34
 akmatov
Эркин классный клип!!! продолжай в том же духе!!!
26.06.2011. 18:22
 ARSI
+100
30.06.2011. 21:57
 ulkana
))))) супер просто прикольно
01.07.2011. 14:42
 merka
просто слов нету. супер.
03.07.2011. 16:01
 tynchtyk7
Крассавчик, Жарып салыптыр го
04.07.2011. 11:22
 aman79
Азаматсын Эркин, азыркы ырчылардын копчулугунун жузун ачыпсын, сенин ырын менен таасир алып оздорун алып журушун озгортсо керек. Бирок ар бир ырчы эч качан озу жонундо ырдалганын мойнуна албайт, дароо баланчаны ырдаптыр деп кулот. Азыркы озун "звездамын" деп жургондорго бул ыр чон сабак болот деп ойлоймун. Дагы азаматсын Эркин Баха.
04.07.2011. 14:01
 Cyldyzka
vooobşe klasss
04.07.2011. 16:00
 B2S
Ошол силер айткан звездалар сезээр бекен?
же бири бирин карап жыргап коюшаар бекен
04.07.2011. 19:38
 lolo
Emi baary mushtashpasa boldu :)))
05.07.2011. 14:13
 azattopo
болот
07.07.2011. 00:40
 leo10
эн сонун болуптур ,башкаларга караганда
10.07.2011. 00:05
 Shaki
Erkin azamatsyn,maga abdan jakty, dagy soooonun yrlardy kutobuz uwundai formattagy..
10.07.2011. 21:06
 Zamira
Ырдын маанисин карачы!!! Клип да мыкты!
11.07.2011. 11:34
 simbo
Бул Эркин деген бала профессиональный актер исскуство институтун бутургон театрда мыкты рольдорду жаратат Молодец! Азыркы куйуп турган лампочкаларга арналыптыр да ха ха ха!
12.07.2011. 11:36
 Looks
Таппай калсак барго казактар деген жери сонун болуптур. Аззамат!!!!
12.07.2011. 18:16
 dialog
Чакырып тургула тойлор болгондо.:-)
12.07.2011. 19:20
 abdulasm
ваааууууууууууу вапше супер
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: