Эркин, Mr. Баха "Звездамын"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:09
74,29 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2011


Сөзү:Эркин Эгенбердиевдики
Саламатсызбы, ырчы байке?

Бул супер-газета "Таха",

Мен журналист - мистер Баха.

Жолуксам деген тилегим да,

Мен сизди жакшы билемин.

Элге жаңылык жиберген бизбиз,

Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,

Деги кимсиз?!

Анда эмесе, микрофон сизде:



Саламатчылык!

Атым Альпак, псевдонимим Альберт.

Ой-ой, мен "звездамын",

Тиякта-биякта концерт.

Стилим бушлат, концертим аншлаг.

Дагы эмне десем?

Ары бардым, бери бардым,

Бүт каздым, таппадым.

Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,

Продюсерим жүгүрүп жатат,

Баарын бүтүрүп жатат,

А мен күтүп жатам.



Хей, мени жазгыла, тарткыла,

Газета-журналдарды ачкыла.

Чоң жаңылык болдум!

Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.



Аха, рахмат, жакшы!

Айтыңызчы, Альпак байке,

Көппү, күйөрмандарыңыз,

Жана дагы кандай, үй-бүлөлүк абалыңыз?

Кана, кантип, кандай болуп,

Чыгат сиздин ырларыңыз?

Буга кандай кабарыңыз?



Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,

Күйөрмандар Кудайга шүгүр.

"Голосум" - бас, тенор, альт-альт,

Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.

Мен шайыр бала, шайдоотмун,

Азырынча бойдокмун.

Ырларымды кандай кылам, кантем,

Мына силерден жашырып нетемин?

Карап көрөм барактардан,

Сураштырам туш-туш тараптардан.

Бербей койсо тараптар,

Бар го, бизде, Кудай берген казактар.

Мен алдыга баратам,

Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.



Чиркин, мына, кызыктар, Жаңылык бар, кыргыздар.

Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.

Рахмат, сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?

Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?



Рахмат, супер-газета "Таха", Бар бол, мистер Баха!

Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,

Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.

Адам болуш аста-аста, "звезда" болуш бир паста,

Жалкоолукту коёлу, эмгекчил адам бололу.

Келип тургула, мен концерт койгондо,

Чакырып тургула тойлор болгондо.



Чын эле ыр тамаша,

Бар экен чындыгына жараша.

Ырчы деген кызык ойду жаратат,

Ырчы деген баркы кетип баратат.

Да-а, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,

Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.

Азыр сен жанып турган жылдызсың,

Анан сен күйүп турган жарыксың,

Бара-бара түтөп турган чыраксың.

Эй, төбөң жетип турса да булутка,

Артыңды кара, ким экениң унутпа!

Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,

Дагы көп ырчылар калды тарыхта.

Ырлары шедевр болуп келе берет,

Ырдалып эл оозунда кала берет.

Демге күч, күчкө кубат бере берет.



Ырдагыла, ырдагыла катыра,

Ооба, бизде "звездалар" толтура.

Бар арасында жакшылар,

Элдин сыйын таптыңар.

Бул силердин бактыңар,

Көтөрүлсүн баркыңар.

Алыска кетсин даңкыңар,

Ырларың сенин ар кандай,

Ырда кыймыл алгандай.

Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.

Бир саат эле жылдызсың,

Жарым сааттан кийин жарыксың,

Беш мүнөттөн кийин чыраксың,

Андан кийин түтүнсүң. Бүттү!
  • Currently 4.52/5
(54 добуш)

Комментарийлер (116)

09.06.2011. 18:31
 honey
Звездалардын "больная темасы" тартылыптыр. Прикольно!!!
09.06.2011. 18:56
 tekila
Прикольно!!! Молодцы!!! Классно получилось! Удачи!!!
09.06.2011. 19:32
 tumar
Ким тартса дагы эркек! %)
09.06.2011. 19:59
 Fariza
соонун кен... эски ырларга не жетсин?
09.06.2011. 22:07
 nebad
Баласы менен аялын Иманбековту туурап коюптур !! ! Отличный намек:)
09.06.2011. 23:16
 Luckyman
адам болуш аста аста звезда болуш бир паста))) позитивный ыр экен))
10.06.2011. 02:19
 Nuray
Azamattar! "nakonez-to" janylyk boldu bizdin klipterde! Azamatsynar!!!!
10.06.2011. 09:20
 MaRmeLaDka
Ха-ха го, азыркы ырчы "звездаларыбызга" арналат тура. Туптуура айтылган. "Адам болуш аста-аста, ырчы болуш бир паста" дегени чын))))
10.06.2011. 10:07
 energetik
Супер,Супер!!!!
10.06.2011. 11:37
 polnolunie
создун мааниси терен!!!Ырчылар мындай кийин ойлонушубуз керек.....
10.06.2011. 12:43
 nazirka
Бул озу да ырчы болгусу келип, башка ырчылардан кантип айырмалансам болот деп ушуну ойлоп чыгыптыр. Эртен эле бул балдар башка ырларыны жазып чыгышат, все же клюнули. Так что бул деген пиар ход!
10.06.2011. 13:06
 Strateg
Азаматтар!
10.06.2011. 13:49
 akokoy
азаматсынар баары чындык сонун жазылыптыр!!!
10.06.2011. 14:18
 beka123
молодцы!!!!!! эркектер!!!!! дагы алга ушуну менен токтоп калбай!
10.06.2011. 17:12
 ZEN
молодцы ребята супер! ушул актерду аябай жакшы кором да)))
10.06.2011. 22:41
 kojonovnurik
Еркек соонун болуптурго.Азматсын.
11.06.2011. 01:58
 Arstan
Тобон жетип турса да булутка,артынды кара ким экенинди унутпа....деген жери жакты.

Мыкты болуптур.
11.06.2011. 10:53
 lira
Yr4ylardy syndap koygondory kaysy...
Ozdory dagy yrdap 4ygyshkany kaysy???
Atyn 4ykpasa jer ortto degeni go...:)))
12.06.2011. 21:28
 eren
ахахаха...сонун!!!!!
12.06.2011. 22:59
 adilxx
boidokmun degen jeri ! M.Imanbekovgo okwowup kalyptyr!
13.06.2011. 01:13
 jugorsk
Эн сонун клип болуптур
13.06.2011. 02:25
 Karamel
мага оло жакты!
14.06.2011. 03:02
 Niyazbek Torobekov
Сопсонун ырго Эркин дагы ырдай бер ушундай ачык чындык ырларынды ха ха ха красавчиктер.....
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: