Гүлнара Кахарова "Балама"
03:35
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 17-06-2011
Сөзү:М. Боромбаеваныкы
Обону:К.Таштаналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(30 добуш)
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.

Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.

Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.

Комментарийлер (38)

17.06.2011. 21:23
 ksb
Баарынан кучтуу сезим бул,бала-суйуу деп билемин.Сооонун ыр экен.Создору да,обону дагы.
19.06.2011. 20:00
 islamkg
аябай сонун ыр экен,,,,мааниси кучтуу,сезимди козгогон ыр болуптур,,,рахмат сизге гулнара эже чыгармачылык ийгилик каалайбыз!!
21.06.2011. 19:53
 gulumkan
аябай жакты мына мен да бала жытын кутуп отурам жакында кудайым берет 2 ай калды урррааааа
22.06.2011. 16:41
 Kyial
Кандай сонун ыр!
24.06.2011. 14:58
 toli
sonun yr eken maga jakty
30.09.2011. 17:17
 migrant
аябай сонун ыр экен эх Гулнара эже бар болунуз.
02.03.2012. 22:32
 yryskan
эн сонун ыр экен мен баламды айабай сагындым
23.03.2012. 04:05
 sevinch
Ыр абдан жакшы маанилуу экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо