Омар "Булбулум"
04:14
3,89 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011
Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(44 добуш)
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктум неге мынча,
Булбулум, булбулум ай?

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Кайырма:

Комментарийлер (40)

21.06.2011. 11:30
 musulmano4ka
Ииии жаным десе абдан сонун ырдабсын молодец!!!!!
21.06.2011. 12:19
 sonykg
Azamat Jigit, bar bol!!!
21.06.2011. 13:02
 gujunpo
Жеткире ырдай албаптыр. Элмира Кайып кызы жакшы ырдайт бул ырды.
22.06.2011. 10:19
 Owol
Asamat Omar !
22.06.2011. 11:14
 arlekino
жакшы ...биок аранжиров.башкача кылса болмок
22.06.2011. 12:34
 gulnura
:)))super pesn9. Molodec,Omar bayke.Udachi Vam.))
22.06.2011. 13:19
 ХАНЗАДА
Кайып кызы Элмиранын ырдагынын уксан, "булбулумдун" коркун ошол ырчы ачкан. Омар эми жаштар толкуну, кандай ырдаса деле "оо укмуш" деп жаштарга жагат.
23.02.2012 16:45
FIANIT
ХАНЗАДА, сага кошулам...
Эми бул жакты да угуп көрсөңөр: http://www.super.kg/media/?type=audio&id=47251
22.06.2011. 13:40
 tekila
ааа люблю тебя, Омар!!!
молодец!!!
песня особая...
и ты необыкновенный =*
успехов!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо