Борончу Кудайбергенов "Сагынып сага карай жол издейм"
Жанр:Поп
00:04:28
71,82 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2011


Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көўүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туп-туура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.

Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк чиркин тынбай умтулат.
Аккардеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А, сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?

Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.

Кайырма:
  • Currently 4.78/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (50)

06.07.2011. 17:17
 akiykat
илбейм, негизи мага мындай стилдеги ырлар анча жага бербейт. Бирок, бул ыр жакты. Журоктон жаралыптыр..
А клип жонундо айтсам, кайра эле жакты. Абдан жакты. Каталар абдан коп, бирок жакты, себеби жакты.
Клиптин аягында гул тебеленип калбадыбы, биздин кыздар коп жигит менен жургондо ошентип гулдой тебеленип калаарын баяндаптыр.!!
ырга, клипке рахмат!
06.07.2011. 17:29
 lider-kg
кичине ушундай кылып сценарий менен тарткылачы М Саткымбаевке окшоп бир кызды чуркатып бироону куттурбой
10.07.2011 21:00
ERMANI
lider-kg, Tup tuura aytasyn.
06.07.2011. 17:36
 andormeda
Байкасанар, 1:03 минутасында кыз кетип бара жатканда, бала анын жамбашын "деееерзко" карайт экен))))
06.07.2011 17:40
akiykat
andormeda,
1:05 те карайт экен, кайра карасан...
07.07.2011 15:55
Luckyman
akiykat, ахахахаа)) ооба жаман нагло эле караптыр го)
06.07.2011. 17:42
 lider-kg
2:31 ди карасанар ошол чын журоктон карайткен жамбашын
06.07.2011 17:48
akiykat
lider-kg,
ооба, турба берилип карайт экен....
03.08.2011 18:12
Han
lider-kg,
06.07.2011. 17:58
 Wonderfullgirl
обонун "Full House" деген корейский сериалдан уурдап алыптыр .
06.07.2011. 17:58
 andormeda
А так клиптин сюжети жакшы экен, ырдын тексти да жакшы. Бирок обону плагиат да)))
06.07.2011. 20:21
 kukacha
борончу байке азаматсыз
07.07.2011. 02:46
 melashka
аябай сонун ыр экен мана аябай жакты,
07.07.2011. 13:53
 jaz
Omey Boronchy baykebiz Koreanyn yryn kotoryp algan go..
07.07.2011. 16:04
 Luckyman
мага деле жакты го, бирок ушул Борончу байкенин баардын ырларынын окшоштугу жакпайт да) минусовкаларды алмаштырса жакшы болмок)
07.07.2011. 16:11
 Kirgizshaa
Бул ырдын обонун кайсыл ырдан алган, билген болсо жазып койгулачы, рахмат
07.07.2011. 17:12
 udast2
Клип жакшы тартылыптыр, бирок аягына чыгарса болмок. Ал жерден экоонун кийинки бактылары суроттолбой калыптыр
08.07.2011. 01:15
 Tokmok
kynyldaitgo baikebiz
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: