Мирлан Баеков "Каниет ыры"
03:37
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 19-07-2011
Обону:Г. Айдосованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(54 добуш)
Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Кайырма:

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге...

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча кызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Кайырма:

Өнүп чыккан гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын...

Комментарийлер (51)

19.07.2011. 22:38
 jazim
Мирлан Байке сиз азаматсыз ырларыныз эн сонун сизге ийгилик каалайм
19.07.2011. 22:45
 edizar
Мирлан ырларын жакшы ички жан дуйного жагат. Ошонунан жазба. Азаматсын!!!
20.07.2011. 00:04
 raim
мынча не титирейсин
20.07.2011. 09:06
 muhamedali
ырлары маанилу!!! жакшы еле
20.07.2011. 10:28
 alis
Азаматсын! Алга! Ушунундан жазба!
20.07.2011. 14:52
 Protokol
Сага чыгармачылык ийгилик!Ар дайым Кыргыз элине жагымдуу ырларын узата бер!Жоролор алга !
21.07.2011. 00:23
 Narynbek
Азамат!Абдан сонун ыр болуптур.Чыгармачылык ийгилик сага!
21.07.2011. 11:21
 xman
МАЗЕМ деген эмнеси???
30.10.2011 18:25
mirlankdm
xman, Мазем дегени по моему...туштук элинин "Мазза" деген созундон..Маззам кетип жанымдан деп атса керек... :)
21.07.2011. 18:25
 Aidanek
Ох биз суйгон ырда........Азаматсыз
21.07.2011. 19:41
 baibolot71
Биз Кара сууда Ждановдо, Эрнис,Кылыч,Эмил,Кутманбек болуп аябай жакшы коруп укчу элек.
22.07.2011. 09:22
 bakutboy
Мирлан байке эмне Учун килиптериниз менен Ырларыныз бири бирине дал келбейт
26.07.2011. 18:00
 Malika88
ырларынызга созуно жана унунузго соз жок. суперден да ашат.
болгону клипте жанагы ызы чуу балдардын кереги жок эле да. мааниси жок калжактап бузуп салышат ар дайым
ошолор эле бирок серьезныйраак аткарып коюшсо соонун болмок
27.07.2011. 02:03
 cholpon_b
en sonun iygilikter !!!
27.07.2011. 20:59
 moon.alty6a
soz jok, ayabai jakshy yr... Ununo bereke
27.07.2011. 22:03
 shishka
mazem degen suingondo aitat ko deim
27.07.2011. 23:43
 gilrfkg
Mazesi jok=mazesi ketuu=mazesi ka4uu=taby jok=taby ainyp kaluu=oorup kaluu=akybaly na4arloo.
01.08.2011. 13:04
 tunuk9208
orkundo4u.
03.08.2011. 15:18
 Саби
Мазем дегенди мен да тушунгон жокмун.Башым ооруп дегени го
04.08.2011. 16:05
 Nurigold
Мирлан ырларындын баары жагат. Жакшы аткарасын Азамат. Талантына таазим. Ийгилик сага.
04.08.2011. 19:32
 avtogrand
жакшы ыр экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо